Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Денис Монастырский Украинанын жаңы ички иштер министри болду


Денис Монастырский
Денис Монастырский

Украинанын жаңы ички иштер министри болуп Жогорку Раданын депутаты Денис Монастырский бекитилди. Анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский сунуштаган.

Президент депутаттарга Монастырскийдин талапкерлигин тааныштырып жатып, "Биз чынында эле сиз министр болушуңузду каалап жатабыз" - деп билдирди. Жыйынтыгында Жогорку Раданын 271 мүчөсү жаңы министрди дайындоо үчүн "макул" деген добуш берди.

Денис Монастырский мурдагы ички иштер министри Арсен Аваковдун жакын адамы экенин маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок жаңы министр бул маалыматты четке кагып, Аваков менен парламентте гана бир нече жолу көрүшкөнүн билдирди.

Украинанын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү фигуралардын бири саналган Аваков ушул жуманын башында кызматтан кеткен эле. Ал алты жылдан ашык кызматты ээлеп, украин өкмөтүндөгү узак иштеген министрлердин бири болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG