Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Ысык-Көлдө Орусиянын жараны жоголду


Жоголгон кызды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери издеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Орусиянын жараны 16-июлда Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган.

Ал үй-бүлөсү менен (5 киши) ​Каракол-Алакөл жайлоосуна барышканын, отун тергени кеткен 29 жаштагы кызы дайынсыз жоголуп кеткенин билдирген.

Ушул тапта Ак-Суу районунан жана Каракол шаарынан 15 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин 15 кызматкери издөө иштерин жүргүзүп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG