Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

"Алтынкен" жыл башынан бери 2188 килограмм алтын казды


"Алтынкен" Чүйдөгү "Талды-Булак сол жээк" кенин казат.
"Алтынкен" Чүйдөгү "Талды-Булак сол жээк" кенин казат.

Чүй облусундагы "Талды-Булак сол жээк" кенин иштеткен "Алтынкенге" байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия аталган кыргыз-кытай ишканасына барды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдиришинче, депутаттар уу калдык сакталган жайды көрүп, ишкананын экологиялык зыян-кесепети тууралуу маселе көтөрүштү. Ошондой эле, кымбатчылыктан улам жумушчулардын маянасын көбөйтүү тууралуу сөз болду.

“Алтынкен” 2015-жылы Кытай менен биргеликте түзүлгөн, Кыргызстандын андагы үлүшү 40% . Расмий маалыматка ылайык, ишканада жалпысынан 1077 адам иштейт жана алардын 94% Кыргызстандын жарандары.

Жыл башынан бери ишкана 2188 килограмм алтын өндүргөн. Бир жылда социалдык төлөмдүн көлөмү 2,51 миллиард сом болгон. Анын ичинде салык 1,87 миллиард сомду түзүп, эмгек акы жана социалдык колдоого 380 миллион сом бөлүнгөн.

Кемин районунун коомдук фонддорун түзүүгө 177 миллион сом, кошумча материалдык жардам көрсөтүүгө 1,23 миллион сом которулган.

Буга чейин аталган ишканага байланыштуу сын-доомат айтылып, нааразылык чыккан. Андан сырткары “Алтынкенден” алтын кошулмаларынын Кыргызстандан сыртка ташылышы тууралуу маселе көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG