Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

COVID-19: УКМКнын тергөө абагында жаткан төрт адам ооруканага которулду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган төрт адам короновирус белгилери менен ооруканага жаткырылды.

Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бирок кайсы ооруканага которулганы кабарланган жок.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери 2 154​ адам каза болду.

Вирус 146 миңден ашык адамга жугуп, андан 123 миңге жакын бейтап айыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG