Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Эт бир жылда дээрлик 36% кымбаттады


Бишкектеги Ош базары.
Бишкектеги Ош базары.

Улуттук статистика комитети 18 калктуу конушта мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында 1 кг уйдун этинин орточо баасын 464,76 сом деп эсептеди. Муну менен уйдун эти өткөн жылдын июль айынын ортосуна салыштырмалуу 108 сомго же дээрлик 30,3% өскөн.

Койдун этинин 1 кг 488,47 сом болду же 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,1% кымбаттады.

Уйдун эти Жалал-Абад, Нарын жана Ош шаарларында кымбаттаганы байкалды. Койдун эти эң көп Кара-Суу, Жалал-Абад жана Ош шаарларында өстү. Кыргызстанда эт былтыр жай айларынан баштап кымбаттай баштаган.

2020-жылы Кыргызстанда малдын жана тооктун эти жалпы алганда (союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмагында) 420 524,5 тонна өндүрүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG