Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

COVID-19: Дагы 11 адам көз жумду, вирус 1334 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 16-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада коронавирустан дагы 11 бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Таласта, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден киши.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 154​ адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 334 кишиден аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 146 292 адамга жетти. Андан 122 923 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 863 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 216 бейтаптын абалы өтө оор, 1 446 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келет.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 33 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 085 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 298и сакайды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG