Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Америка университетинин экс-президенти өлкөдөн чыгарылат


Эндрю Качинс.
Эндрю Качинс.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы президенти Эндрю Качинсти Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу беренелери менен күнөөлүү деп тапты. Ага 60 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарды,

Качинс менен анын адвокаты азырынча расмий комментарий бере элек.

Ал ушул жылдын апрель айында милицияга суракка чакырылган жана көп өтпөй ага кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Университеттин жетекчилиги, окутуучулары жана айрым студенттер муну Качинске карата туура эмес мамиле, "чаташкан окуя" деп сыпатташкан.

БААУ- Бишкекте жайгашкан алдыңкы окуу жай. Ал жерде ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер билим алышат.

Эндрю Качинс окуу жайдын башчысы болуп 2019-жылдын башында дайылдалган жана июнь айында университеттин Камкорчулар кеңеши анын Кыргызстандагы ишмердиги аяктаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG