Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Аксыда селден каза болгондордун жакындарына акчалай жардам берилди


Аксы.
Аксы.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып алты адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион 300 миң сом, ушул эле кырсыкта өмүрү кыйылган эки баланын жакындарына 150 миң сомдон берилди. Бул каражат президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүндү.

Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү, эки жарым жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда гана табылган. Дагы бир беш жаштагы баланын сөөгү изделип жатат.

Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган эле. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG