Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

УКМК: террористтик актыны ишке ашырууга аракет кылган адам кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган Маматазиз уулу Г.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган Маматазиз уулу Г.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Кыргызстанда террористтик актыны ишке ашыруу үчүн куралдуу чыр-чатактардын аймагынан келген Кыргызстандын жараны Маматазиз уулу Г. кармалды" деп билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, ал Ооганстанда эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды.

Атайын кызмат өлкөдө террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо, аларга бөгөт коюу иш-чаралары улантылып жатканын билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG