Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

COVID-19: Орусияда каза болгондор рекорддук чекке жетти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусияда коронавирустан бир суткада 799 киши каза болду. Бул пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч. 6-июлдан бери Орусияда күн сайын 700дүн тегерегинде киши жарык дүйнө менен кош айтышып жаткан. Ал эми соңку төрт күндө вирустун курмандыктары көбөйүп кетти.

Мындай кырдаалды орус бийлиги коронавирустун “дельта” вариантынын жайылышы менен түшүндүрүүдө. Акыркы суткада өлкө боюнча 25 700дөн ашык адам вирус жуктурган. Эң көп Москва шаарында катталууда.

Орусияда коронавируска каршы оперативдик штаб пандемия башталгандан бери COVID-19 вирусунан каза болгондордун саны өлкөдө 147 миңге жеткенин билдирүүдө. Бирок Орусиянын Статистика комитети 289 миң деп кабарлап жатат. Бул орган вирус жуктуруп, бирок башка себептен дүйнө салгандардын баарын расмий эсепке кошууда.

XS
SM
MD
LG