Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Москва: калайман мушташка байланыштуу 71 кыргызстандык камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвадагы "Кузьминки" метросунун аймагында болгон калайман муштушка байланыштуу 71 кыргызстандык 15 күнгө камакка алынды. Кыргызстандын Ички иштер иштер министрлиги (ИИМ) Тажикстандын 31 жаранына да ушундай эле чечим кабыл алынганын билдирди.

Маалымат боюнча, Москвадагы кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын жаңжалына катышы бар жалпы 102 адам кармалган (ред: алардын 71 кыргызстандык, 31 тажикстандыктар).

Москвада 11-июлда “Кузьминки” метросунун жанында ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ бул окуядан кийин Москванын укук коргоо органдары мигранттардын документтерин текшерүү боюнча рейддерди жүргүзүп жатканын кабарлады. Алдын алуу иштеринин жүрүшүндө аймактык полиция бөлүмдөрүнө 900дөн ашуун адам жеткирилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы
өкүлчүлүгү мекендештерди Орусияда улуттук маселелерге
тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого чакырды. Ошондой эле, алар жүргөн мамлекеттин мыйзамдарын аткарууга, коомдук жайларда эрежелерди сактоого үндөдү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG