Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

Москва: элчилик калайман мушташта кармалгандардан кабар алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москвада калайман мушташтан улам кармалган кыргыз жарандары менен жолукту. Анда консультативдик-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканы айтылат. Ошондой эле орус бийлик өкүлдөрү менен бул жарандардын укугун коргоого байланыштуу жолугушуулар, сүйлөшүүлөр уланып жатканы, тиешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөнү белгиленген.

Москвада 11-июлда “Кузьминки” метросунун жанында ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 72 кыргыз жарандары болгон.

Калайман мушташка байланыштуу “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон жана кармалган жарандардын баары депортация болушу ыктымалдыгы айтылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяга бильярд клубдардын биринде бычак жеген төрт кыргыз жаранынын сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин орун алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG