Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Памирликтер туугандарына сарсанаа


Памирлик кыргыздар байырлаган Вахан корридору, Ооганстан, 7-октябрь 2017-жыл.
Памирлик кыргыздар байырлаган Вахан корридору, Ооганстан, 7-октябрь 2017-жыл.

Ооганстандагы конушун таштап, качып чыккан памирлик кыргыздардын арасында соңку төрт жылдан бери Бишкекке келип, окуп жаткан студент Турганбай Абдулвахид уулунун туугандары да бар. Турганбай алар менен он беш күн мурун байланышып сүйлөшкөн. Анда туугандары жагдай кооптуу экенин айтып беришкен.

“Кичи Памирде атамдын бир туугандары, таякелерим жашайт. Акыркы жолу үч жума мурун сүйлөшкөнбүз, анда “бизге Талибандар жакындап келе жатат, кыйналып калышыбыз мүмкүн, баралыбы” деп сурашкан. Биз өзүңөр чечкиле деп айтканбыз”.

Турганбайга окшогон Кыргызстандагы айрым памирликтер Ооганстандагы жакындарына сарсанаа болуп жатышат. Кары-жашы, бала-чака менен качып чыккандардын көйгөйүнө коомчулукту кайдыгер карабоого чакырып, аларды тезирээк алып келүүнү суранып, кыргыз бийлигине кайрылууда.


“Келген жеринде телефон жеткиликтүү эмес окшойт. Болбосо байланышка чыкмак. Бир боорлорум үчүн эки күндөн бери уйку жок, жүрөгүм ооруп жатат. Колумдан келгенин кылып жатам. Малын кошо айдап чыккандар кыйналып жатышат. Эки наристе чарчап калды дешти. Кыргыз бийлигинен тажиктер менен сүйлөшүп бул жакка алып келип алсак, калганын эл бар, багып кетебиз”, - деди.

"Памир кыргыздарын көчүрүп келели"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

“Талибан” кыймылынын чабуулдарынан кооптонгон ондогон оогандык кыргыздар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы кыргыздар байырлаган Мургаб районунда жайгаштырылган экен. Мургабдык Садык аттуу тургун менен байланышканыбызда буларды айтып берди.

“Баары эле жакшы. Бул жактагылар барып нан-чайын, отундарынан бери жеткирип келишти. Ошол бизден анча алыс эмес жерде жайытка малын жайып турушат”, - деди.

Кыргыз бийлиги оогандык кыргыздарды алып келүүгө Тышкы иштер министрлиги аркылуу аракет кылып жатат. Тышкы саясат мекемеси жер которгондорду Кыргызстанга алып келүү боюнча Тажикстанга нота жолдоп, оогандык кыргыздардын кыргыз-тажик чек арасына чейин тоскоолдуксуз келишине көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Президенттик аппарат маселе өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин кабарлады. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов памирлик кыргыздарды өлкөгө алып келүүнү туура деп эсептейт.

“Аларга бизден башка ким жардам берет? Кайсы мамлекет жардам бере алат? Өзүбүздүн тууган, кыргыздар. Аларга жардам берүү милдетибиз. Биз аракет кылып, санына карабастан алып келиш керек. Алар кыйын абалда турушат”, - деди Иманкулов.

Ошентип, талибдерден кооптонуп Тажикстанга кире качкан памирликтер жөнүндө кабарлар тараганы Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлаган жалпы кыргыздардын тагдыры жөнүндө маселе күн тарбине чыгууда. Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов "Азаттыкка" маегинде бул кырдаал боюнча мындай пикирин айтты.

“Вахан коридоруна чейин талибдер жетип, Чоң Памир жана Кичи Памир деп коет, ошол жердеги кыргыздардын жашоо-турмушуна таасир этерине анчалык ишенбей турам. Оңой эле жете калчу жол эмес, айлап жүрүп олтуруш керек. Андай маалыматты уккан жокмун”, - деди.

Ооганстандагы кыргыздарга бир канча жолу барып келген эксперт Салтанат Бараканова Кыргызстандын бийлиги ал жактагы кембагал, колунда жокторго жардам бериши керектигин айтат.

"Ал жакта кембагал, колунда жоктору бар. Алтургай барып паспортун ала алышпайт. Ошондуктан Кыргызстан, кыргыз өкмөтү биринчи кезекте ошол кембагалдарына көңүл бурушубуз керек. Кабулга барып паспорт алып келгенге мүмкүнчүлүгү, колунда барлары, байлары дагы көп".

“Талибан” кыймылынын чабуулдарынан кооптонгон дагы ондогон оогандык кыргыз 14-июлда Тажикстанга кире качканын коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” маалыма агенттиги билдирген. Анда Ооганстандын Вахан провинциясындагы Андемин аймагынан Тажикстандын Мургаб районуна жер которгон кыргыздардын жалпы саны 347 адамга жеткени айтылат.

Жолдо качкындардын арасынан эки ымыркай чарчап калганы кабарланды. Азырынча расмий Дүйшөмбү памирликтердин андан аркы тагдыры жөнүндө чечимин билдире элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG