Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Мектеп тандоого аргасыз кылган онлайн окутуу


Кыргызстандагы мектептердин бири.

Август айында Кыргызстандагы мектептерге онлайн каттоо аягына чыгат. Быйылкы окуу жылы аралыктан башталабы же балдар мектепке барабы, азырынча белгисиз. Эки жыл онлайн окуунун түйшүгүн тарткан ата-энелердин айрымдары балдарын менчик мектептерге берүүнү да караштырууда. Бирок окуу акысы, билим сапатына түйшөлгөндөр да жок эмес.

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылында окуу кандай тартипте башталары тууралуу азырынча чечим чыгара элек. Бул чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот. Айрым ата-энелер кокус быйыл да мектептер онлайн тартипте окушса, балдарды менчик мектептерге жиберүүнү көздөп жатышат. Бирок мындай окуу жайлардын сапатына нааразы болгондор да бар.

Бишкектин тургуну Анаранын тун кызы азыр менчик мектептердин биринде 3-класска көчтү:

"Менчик мектептен балама толук кандуу көңүл бурат деп күткөм. Биринчи класска барганда ар бир тамга, тыбышты кылдаттык менен үйрөтөт деп ишендим. Бирок, андай болбоду. Кызымды эркелетип эле окута албай коюшту. Онлайн окуудан деле кыйраткан жок. Мугалимдери улам алмаша берет экен. Анан баланын билимине көңүл деле бурубайт".

Баасы асман чапчыган мектептер

Кыргызстандагы менчик мектептердин саны такталган эмес. Бишкекте 60-70тей расмий каттоого алынган орто жана башталгыч билим берген мекетептер бар. Алардагы бир жылдык окуу акысы жети миң сомдон башталып, айрымдары бир миллион сомдон ашык.

Маселен, интернеттеги ачык булактарда "Билимкана" мектебинин Бишкектеги бир жылдык окуу акысы беш миң АКШ доллары деп көрсөтүлгөн. United World International School (Cambridge) мектеби бир жылга башталгыч класстар үчүн тогуз миң, жогорку класстарга 13 миң АКШ доллары өлчөмүндө төлөм алат.


Ошол эле учурда баш калаада аты чыккан мектептердин айрымдары аймактарда да филиалдарын ачышкан. Алардын баасы Бишкекке салыштырмалуу кыйла арзан жана билим берүүсү сапаттуу деген ата-энелер кездешет.

Гүлайым Шыгайбаева эки уулуна мурда Бишкектен ыңгайлуу мектеп таба албай кыйналып келген. Бир жылдан бери ал Жалал-Абад шаарына көчүп кетип, ал жактагы "Билимкана" менчик мектебинде окутууда:

"Аймактарда менчик мектептердин шарттары жакшы экен. Бишкектен бир топ кыйналып калдым эле. Окуу акысы да кымбат. Бул жакта арзаныраак, сапаттуу, класстарда балдар да аз. Мугалимдер балдарга жакшы көңүл бурушат. Айтор, Жалал-Абаддагы менчик мектептерде баланы окутуу бир кыйла жеңилдей сезилди. Баса, диний багыттагы менчик мектептер да бар экен. Алар окуучуларды "Куран окуганды үйрөтөбүз" деп тартып жатышканын байкадым".

"Айрымдар окуучудан акчаны гана көрөт"

Бишкекте "Интеллект" аттуу жаңы башталгыч мектеп ачып жаткан Жакшылык Матанов мугалимдердин кесипкөйлүгү менен туруктуу программа болмоюн бул иш жөн гана акча табуунун бир жолу болуп калышы мүмкүн деп эсептейт:

"Өтө кымбат мектептерде балдарды "кардар" катары кабылдап, алардын айтканын кың дебей аткарып, талап койбогон учурлар бар. Мен өзүм ушул чөйрөдө аралашып жүргөндүктөн көп адамдар "мектеп ачкан кирешелүү бизнес тура" деп мага айтат. Тойкана, кафе ачкандай көрүп жатышпайбы. Бирок, сапаттуу билим бербесе, бул үчүн кызыктуу окуу программасы, кесипкөй адистери, педагогдору болбосо баары бир менчик мектеп жакшы иштеп кете албайт. Бул иштин артында чоң түйшүк турарын билген жакшы. Мен ишенем, билим берүүгө талапты койо билген ата-энелер көп болгон сайын сапаттуу менчик мектептер алдыга озуп чыгып, күнүмдүк пайда табууну көздөгөндөр жабылат деп ишенем".

ЕККУнун Кыргызстандагы академиясынын магистранты Айгүл Абдубаетова 2019-жылы Кыргызстандагы менчик мектептердин өнүгүү тенденциясы, аларга барган үй-бүлөлөрдүн кирешеси, билим сапатына байланыштуу чакан иликтөө жасаган.

Ага ылайык, 1990-жылдардын башында Кыргызстанда онго жетпеген менчик мектеп болсо, 2016-жылы өлкө боюнча 114ү каттоого алынган. Балдарын акы төлөп окуткан ата-энелердин 70%ке чукулу сапаттуу билимди акча төлөп алса болот деп эсептейт. 80%ке чукулу класстагы балдардын саны аз болгон үчүн менчик мектепке балдарды берген.

Менчик мектептер көп болгону жакшы

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов менчик мектептер канчалык көп болсо, өлкөнүн билим берүү системасы үчүн ошончолук пайдалуу болмок деген ойдо.

"Менчик мектептер көбөйүп, аларга мамлекет тарабынан да колдоо көрсөтүлсө деп эсептейм. Анткени, алар Бишкек, Ош сыяктуу калкы көп шаарларда толуп калган мектептердеги окуучу санын азайтып, кичине болсо да өлкөнүн билим берүүсүндөгү жүктү жеңилдетүүдө. Шаардык мектептерде азыр бир класста 4-50дөн бала болуп жатпайбы. Экинчиден, менчик мектептерде ата-энелерден окуу акысын алгандыктан, жаңы окуу усулдарын алып келүү мүмкүнчүлүгү да жогору. Имараттары жакшы, материалдык базасы бар".

Жаңы окуу жылы кандай башталары белгисиз болуп, менчик мектептерди тандоодон башы катып турган ата-энелерге белгилүү педагогдор бир нече кеңеш беришет.

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

Search for Common Grounds уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров менчик мектептин кооз имаратына эле кызыкпай, биринчи кезекте карай турган үч орчундуу өзгөчөлүккө токтолду:

"Биз мындан ары онлайн окуудан танып кете албайбыз. Аралыктан билим алуу жашообузга толугу менен кирди. Кокустан талап болсо, менчик мектеп тез арада, кыйналбай эле аралыктан окууга өтө алгыдай күч-кубаты болушу керек. Экинчиси, ал мектептеги мугалимдердин кесипкөйлүгү кандай жана аларга жаңы окутуу усулдарын өздөштүрүүгө шарттар түзүлгөнбү? Мына ушул суроого кылдат жооп издөө керек. Мектептин имараты кооз, компьютери көп, интернети укмуш болгону менен сапаттуу, новатордук ыкмалар менен билим бере албаган мугалимдери болбосо балага пайдасы тийбейт. Үчүнчүдөн, ар бир баланын жеке талабына ыңгайлашып билим бере алышабы? Азыр балдардын ар биринин билим алууда өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бир шаблонго салып билим берсе болбойт. Ушул үч негизги өзгөчөлүктү карап чыгып анан мектеп тандаса болот".

Кыргызстанда жалпы 2 227 орто билим берүүчү мектеп бар. Анда 1-класстан 11-класска чейин 600 миңден ашуун бала билим ала алышат. Бирок, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда ички миграциянын айынан мамлекеттик мектептерде орун жетишпей калууда.

2020-жылдын март айынан бери окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөндүктөн, ата-энелер, адистер билимдин сапаты төмөн деңгээлге түшүп кеткенин айтышууда.

Өткөн жылы августта БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш коронавирус пандемиясы билим берүүнү үзгүлтүккө учуратканы планета калкынын бүтүндөй бир мууну үчүн катастрофа болуп калышы мүмкүн экенин эскерткен эле.

Кыргызстанда дагы адистер окуу жараянын санитардык эпидемиологиялык коопсуздукту сактап уюштурууга чакырып, айрым изилдөөлөрдө окуучулардын үчтөн бири окууга тартылбай калганын айтып чыгышкан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG