Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Онлайн окуу жана балдардын депрессиясы


Онлайн окуп жаткан балдар.

UNICEF жүргүзгөн акыркы иликтөө өспүрүм улан-кыздардын көпчүлүгү пандемиянын оор шарттарынан улам психологиялык жактан жабыркап, бирок жан дүйнө дартын эч кимге айтып бөлүшө албай, кыйналган учурлар көп экенин көрсөттү.

Эки жылдан бери жан дүйнөсү кыйналган кыргызстандык өспүрүмдөр да арбын катталган. Адистер алар мындай абалдан өз алдынча чыгуунун ар түрдүү жолун издеп, кээде зомбулукка учурап, суицидге чейин барганын айтышууда.

Ата-энелердин айрымдары абалдан чыгуунун жолун өз алдынча издеп келишет. Бишкектин тургуну, төрт баланын энеси Бүбүайша балдарынын психологиялык абалына түрдүү айла-амалдарды ойлоп табууда. Кичүү кызы Асылай өтө кыймылдуу болгондуктан, микрофон сатып берип, ырга болгон таланты ачылган.

"Өткөндө дүкөнгө барып балдардын калың энциклопедиясын сатып келип бергем. Ошону окушат. Кыргызча, англисче, орусча каалаган китептерин сатып берип жатам. Тактай да алып келип койгом, ага эсеп чыгарышат. Кичүү кызым Асылайдын ырдаган таланты бар экен. Ырдасын деп микрофон алып бердим. Конок үйгө же жуунуучу бөлмөгө кирип алып, кыйкырып ырдап, бугун чыгарат".


"Балдарынын моралдык абалын ойлогон ата-энелер аз"

Балдарга укуктук, психологиялык жардам берген "111" ишеним номуруна былтыртан бери психологиялык жактан кыйналып, телефон чалган өспүрүмдөр күн санап көбөйүүдө. Алардын көйгөйүн уккан балдар психологу Алина Сейдалиева буларга токтолду.

"Пандемия башталгандан бери балдар ата-энеси менен тил табыша албай жатканын айтып көп чалышат. Курбулары, теңтуштары менен сүйлөшө албай, чогуу жашаган туугандарынан тажап, чүнчүп кеткендер да көп. Чөйрөдөгү адамдар менен тил табыша албай кайрылышат. Балдар сыртка чыгып, мектепке барып, коомго аралаша албай калгандыктан да кыйналып жатышат. Алар өздөрүн жараксыз, керексиз, жалгыз сезип калган учурлар арбын".

Кыргызстандагы психологдордун эсеби боюнча, жылына болжол менен 100дөй өспүрүм өз жанын кыят. Суицидге барууга аракет кылгандардын так саны белгисиз. 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу өлкөдө карантин жарыяланып, чектөө чаралары башталганда эки ай ичинде эле онго чукул мектеп окуучусу өз жанын кыйган.

Пандемия учурунда өспүрүмдөргө аралыктан психологиялык жардам көрсөткөн адис Перизат Асылбаева өз жанына кол салган балдардын көпчүлүгү ата-энеси алыста, миграцияда жүргөндөр экенин белгиледи.

Перизат Асылбаева.
Перизат Асылбаева.

"Былтыр коронавирус өтө күчөп жаткан маалда мен UNICEF уюмунун долбоору менен балдардын "111" ишеним номурунда иштеп калдым. Бизге кайрылган өспүрүмдөр өтө көп болду. Арасында өз жанын кыйгысы келгендер да бар болчу. Балдар бизге өз сезимдерин, ойлорун айтышчу, ар кандай кооптуу ойлору менен да бөлүшүп жатышты.

Айрыкча ата-энеси алыста, миграцияда болгондорго өтө эле кыйын абал түзүлдү. Ал эми суицидге барган балдардын көбүнүн ата-энеси алыста. Расмий статистика канча экенин мен билбейм, бирок биздин эсеп боюнча жылына 90-100гө чукул өспүрүм суицидге барууда. Өспүрүм курактагы психологияны ата-энелер аябай жакшы билиши керек. Себеби, дал ушул учурда балдар өтө сезимтал болушат. Көп нерсеге жеткиси келет да, бирок ошол эле мезгилде тажрыйбасы, мүмкүнчүлүктөрү аз болгондуктан, үйдө ар кандай чыр-чатактар болушу мүмкүн".

Депрессия менен стресстин деңгээли 2020-жылдан бери мектеп окуучуларында 60% чейин артканын дүйнө окумуштуулары да белгилеп жатышат. АКШдагы UChicago Medicine ооруканасынын кулк-мүнөз жана акыл-эсти иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери келечектин бүдөмүк болушу, оор социалдык-экономикалык абал, саясий туруксуздук балдардын жан дүйнөсүнө оор залакасын тийгизерин иликтеп чыгышкан. Бирок чоңдор мындай маселелердин балдарга тиешеси жоктой көрүшөт. Психологдор эгер коронавирустан баланын жакын тууганы каза болсо, стресс, коркунуч бир нече эсе көбөйө турганын айтышат.

Белгилери кандай болот?

Бишкектеги "Данакер" аттуу үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова азыркы тапта Кыргызстандагы өспүрүмдөр арасында психикалык саламаттык өтө начарлап кеткенин айтып, баладагы өзгөрүүнүн белгилерине мындайча токтолду.

"Азыркы балдар абдан сезимтал жана өз психологиясын жакшы анализдей алышат. Алардын айрымдары ичиндеги проблемасын ачык эле айтышат. "Апа мен мындай болуп жатам, жиним келди, депрессия болдум" деп эле энеси менен атасына билдиришет. Бирок, көп балдар психикалык жактан жабыркап жатканы айланасындагыларга көрүнбөйт же көргүлөрү келбейт. Бала мурда ак көңүл, жайдары жүрүп эле чүнчүп, түнт болуп кетет. Мурда ачык түстөгү кооз кийимдерди кийсе, эми маанайы суз болсо кара, этек, жеңи шалбыраган кийимдерди кийип, чачын көзүнө түшүрүп алышат. Бул "мен жокмун" деген белги. Ошол кезде өзүн такыр көргүсү келбей, өзүн-өзү сыйлоосу өтө төмөндөп кетет.

Кээ биринин тамакка болгон табити начарлайт, көп жеп баштайт же таптакыр тамак жебейт. Ачуусу бат келип, жумуш жасаса же басса-турса тарсылдатат. Өзүнөн кичүү бөбөктөрүнө жөнү жок кыйкырып, агрессиясын көрсөтөт. Ал эми суициддик кулк-мүнөздү ата-эне же улуулар баланын "мен жок болсом жакшы болмок" деген сыяктуу создөрүнөн байкаса болот".

Бириккен улуттар уюмунун эсеби боюнча, жылына 800 миң адам өз өмүрүн кыят. Ошондо ар бир 40 секунд сайын бирден киши суицид жасап турат. 15 жаштан 29 жашка чейинки жаштар арасында суицид - өлүмдүн башкы себептеринин бири.

Бишкектеги №3 мектептин психологу Анара Бексултанова болсо азыркы таптагы ата-энелер муунунун өзүнүн да жан дүйнөсү жарды экенин чоң көйгөй катары көрөт.

"Бүгүнкү күндөгү ата-энелер Советтер Союзу кулаган маалда төрөлгөн муун болгондуктан, алардын билими, педагогикалык тажрыйбасы баланы туура тарбиялоого жетишпей жатат. Ал тургай бала менен кантип сүйлөшкөндү деле билбеген энелер толтура. Пандемия ушул көйгөйдүн бетин ачып көрсөттү. Бир жагынан миграция да күчөп, ата-энеси алыска кеткен балдардын психологиясын ойлогондор аз.

Маселен, мен иштеген мектепте жардамга муктаж балдар аябай арбын. Алар сырткы дүйнө менен кантип байланышты билбей, ачууланып, башкалардан кара күчүн чыгарышат. Мунун баары стресс, депрессиянын белгиси да. Тилекке каршы, бала менен туура сүйлөшүүнү билбеген ата-эне же улуулардын айынан суицидди ойлонгон өспүрүмдөр да көп болууда. Мектептер ачык болсо, балдар үчүн кичине оңой болмок. Достору менен баарлашып, мугалимдин айткандарын угуп, кичине болсо да тарбия жукмак. Кээ бир балдар психологго кайрылып же чоңдордон жардам алгысы келсе да ата-энеси жибербеген учурларды көрүп жатам. Бала деген башкалардын колдоосуна муктаж, баары өтүп кетет деп аны жубаткан бирөө сөзсүз болушу керек".

Баланын жан дүйнөсүн ата-эне гана дарылай алат

Баланы түйшөлткөн жан дүйнө көйгөйүн чечүүдө коомдун, мектептин эмес, биринчи кезекте ата-эненин ролу өзгөчө экенин психологдор ар дайым айтып келишет. Өнүккөн өлкөлөрдө карантин шартында балдарды тарбиялоо боюнча атайын көрсөтмөлөр берилип, ата-энелерге мамлекеттик программалар иштелип чыккан.

Шотландияда жашаган эки баланын энеси, кыргызстандык Гүлжамал Шерипбаева пандемия шартында балдар чоңдордой эле санааркап, коркунуч сезиминин торунда калгандыктан, аларга чындыкты айтуу менен жүгүн жеңилдетсе болот деген ойдо:

"Балдар ата-эненин өзүн алып жүрүүсү менен кулк мүнөзүн сезе билген күчкө ээ. Эгерде ата-эне жабык болуп, балдар менен сүйлөшпөй койсо, анда баланын ичинде түпөйүл ой жаралат. Ал да психологиялык жактан кыйналат. Балдарда толтура суроолор жаралып, "атам же энем эмнеге минтип жатат, ата-энем ооруп жатабы, дүйнө коркунучтабы, эртең эмне болот?" деген кооптонуулар көбөйө берип, стресске алып барат. Кимдир бирөөгө таарынып, чочулап же ичиңерде бороон-чапкын болуп жатса да балага чындыкты айтуу керек. Бала менен бөлүшкөндү, ага да көйгөйдү түшүндүргөндү үйрөнүү зарыл. Ата-эне катары биз балдарга ар дайым калыс маалымат берүүгө милдеттүүбүз. Бир жактуу эле бирөөнү күнөөлөп, ошол баланын өзүнө айып коюу менен психикалык абалды курчутуп алышыбыз толук мүмкүн".

Пандемияга чейин деле мектеп окуучулары, өспүрүмдөрдүн психологиялык абалы дүйнөлүк деңгээлде кооптондурган маселе болуп келген. Психологдор чектөөлөргө туруштук бере албаган балдарда стресс, депрессия артып, бул көрүнүш келечек муундун толук кандуу өсүшүнө, билим алышына жана саламаттыгына тескери таасир этерин коңгуроо кагышууда.

Онлайн окуунун пайда-зыяны тууралуу "Азаттыктын" талкуусу.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG