Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Ошто коронавирустан көз жумган дарыгерге мемориалдык такта орнотулду


Темиркан Жарматованын элесине арналган мемориалык тактай. Ош. 16-июль, 2021-жыл.
Темиркан Жарматованын элесине арналган мемориалык тактай. Ош. 16-июль, 2021-жыл.

COVID-19 вирусунан көз жумган дарыгер Темиркан Жарматованын элесине арналган мемориалдык такта Ош облустук аймактар аралык ооруканасында орнотулду.

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан Жарматова 2020-жылы, 16-июлда каза болгон. Ал ооруну "кызыл аймакта" иштеп жуктуруп алганы кабарланган.

Коронавируска каршы штабдын маалыматы боюнча, 16-июлга карата COVID-19 менен ооруган медициналык кызматкерлердин жалпы саны – 6085 адамга жетти. Оорудан 5 298 медицина кызматкери айыгып чыкты.

Коронавирус алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 108 медицина кызматкери илдеттен көз жумду. Алардын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 33 маркумдун үй-бүлөсүнө гана мамлекет тарабынан убада кылынган 1 млн. сом кенемте берилген. Калгандары ала элек.

Маалым болгондой, 2020-жылы кыргыз өкмөтү иш учурунда коронавирус жуктуруп, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте берилерин убада кылган. Быйыл 11-январда бул сумма өзгөрүп, 2,8 млн. сомго көтөрүлгөн. Маркумдун иш учурунда вирус жуктуруп, көз жумганын далилдөө үчүн анын жакындары тиешелүү документтерди чогултууга тийиш.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG