Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мукаш Базаркулов дүйнөдөн кайтты


Мукаш Базаркулов.
Мукаш Базаркулов.

Кыргыз Эл мугалими, коомдук жана мамлекеттик ишмер Мукаш Базаркулов 16-июлда, 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Президенттик аппарат маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Мукаш Базаркулов 1935-жылы Ак-Талаа районундагы Саз айылында туулган.
1955-жылы педагогикалык институтту, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1955-жылы катардагы мугалимден баштап, 1979-жылы Кыргыз ССРинин Билим берүү министри болгон.

Мукаш Базаркулов министр болуп турган учурда Кыргызстанда 452 орто мектеп, 379 бала бакча курулган.

Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болушуна жандуу катышып, 1993-жылкы Конституциянын кабыл алынышына чоң салым кошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG