Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Европадагы суу ташкыны 150дөн ашык адамдын өмүрүн алды


Германиянын батышындагы суу ташкыны. 15-июль, 2021-жыл.
Германиянын батышындагы суу ташкыны. 15-июль, 2021-жыл.

Батыш Европанын айрым аймактары, өзгөчө Германия менен Бельгиянын чек арасы суу ташкынынан катуу жабыркады. Германияда кеминде 133, Бельгияда 20 адам каза болгону кабарланды.

Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды каптады. Жолдор бузулуп, айрым аймактарга каттамдар токтоду. Интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн. Куткаруучулар эл жашаган жерлерге кайыктар жана тик учак менен жетүүгө аракеттенип жатышат.

Маалыматтарга ылайык, Кёльндин түштүк-батыгында Эрфтштадт шаарында көптөгөн үйлөр кыйрап, автоунааларды суу агызып кеткен.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 17-июлда Эрфтштадтка келери маалым болду. Вашингтондо жүргөн Германиянын канцлери Ангела Меркел суу ташкында каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жоголгондорду тезирээк табуу үчүн бардык күч жумшаларын убада кылды.

Учурда суунун деңгээли азая баштаган. Ошентсе да айрым аймактарда көчөлөрдү суу басып, кырдаал оор экени кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG