Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Өзбекстан: мектептерде хижаб кийүүгө уруксат берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги мектепте хижаб кийүүгө уруксат берилбей турганын дагы бир ирет эскертип, муну мектеп формасы тууралуу жобо менен түшүндүрдү.

Ал жобого ылайык, орто мектепте окуган балдарга сакал коюуга, чачын өстүрүп, ачык түстөргө боёого жана дененин ачык жерлерине пирсинг жасатып, тату тарттырууга тыюу салынат.

Ал эми кыздарга ачык түстөр менен макияж жасоого, тырмактарын өстүрүүгө, чачын ачык түскө боёого, бирден көп сөйкө жана шакек тагынууга, пирсинг, тату тарттырууга уруксат берилбейт.

Ошондой эле, министрлик, окуучулар мектептин ичинде баш кийимсиз жүрүүгө тийиш экенин эске салды.

Министрликтин мындай билдирүүсүнө 5-июлда Өзбекстанда хижаб кийүүгө уруксат берген мыйзамдын кабыл алынышы түрткү болду.

Президент Шавкат Мирзиеев кол койгон документте коомдук жайларда хижаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө уруксат берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG