Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Британиялык миллиардер Ричард Брэнсон космоско учат


Ричард Брэнсон.
Ричард Брэнсон.

11-июлда британиялык миллиардер Ричард Брэнсон өзүнүн Virgin Galactic компаниясы курган аппарат менен космоско учат. Андан тышкары космос кемесинин ичинде эки учкуч жана компаниянын үч өкүлү болот.

Муну менен 70 жаштагы Брэнсон анын компаниясы космоско адамдарды коопсуз алып барып келерин далилдегенге үмүттөнүп жатат.

Эгер баары пландагыдай өтсө, VSS Unity кемеси жерден 90 чакырым бийиктикке көтөрүлөт. Бул бийиктик Жердин атмосферасы менен космос чектешкен чийин деп саналат.

2022-жылы космоско каттамдарды баштардын алдында Virgin Galactic компаниясы дагы эки сыноо жүргүзөт. Эмдиги жылкы учууларга 600дөй билет сатылды, баасы 200 миңден 250 миңге чейин жетет.

Эгер баары ийгиликтүү жүрсө Брэнсон өзүнүн компаниясы курган кеме менен космоско жеткен биринчи адам болуп калат. Буга чейин дүйнөдөгү эң бай адам, "Амазон" компаниясынын түптөөчүсү Жефф Безос 20-июлда космоско учары кабарланган. Ал дагы өзүнүн Blue Origin компаниясы курган ракета менен учары күтүлүүдө.

Аталган эки компания жана Илон Масктын SpaceX ишканасы космос туризмин өнүктүрүү үчүн "миллиардерлердин жарышында" күч сынашып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG