Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Министрлик тажикстандык студенттер басымга кабылды деген маалыматты четке какты


Кыргызстан менен Тажикстандын туулары.
Кыргызстан менен Тажикстандын туулары.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан тажикстандык студенттер куугунтукталганы тууралуу маалыматты четке какты.

Мекеме 19-июлда тараткан маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстанда Тажикстандын 1932 жараны окуду. Алардан куугунтуктоого кабылганы боюнча арыз даттануу түшкөн эмес. Ал эми кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.

Министрлик эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көпчүлүк жогорку окуу жайларда окуу онлайн режимде болуп жатканын жана ушул тапта бардык студенттер эс алууда экенин кошумчалады.

Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода жакында эле Дүйшөмбү шаарындагы маалымат жыйынында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз өлкөсүнө кайтарыларын билдирген. Министр эмне себептен мындай чечим кабыл алынган түшүндүргөн эмес. "Азаттыктын" тажик кызматы быйыл апрелдеги чек ара чатагынан соң Кыргызстанда окуп жаткан тажик студенттери басымга кабылганын айтышканын жазган.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан. Анда 36 кыргызстандык жана 19 тажик жараны каза болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG