Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Орусия: маңзаттан өлгөндөр 60% өстү


Орусияда 2020-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу маңзат колдонуунун кесепетинен кайтыш болгондордун саны 60% өскөнүн Орусиянын Федералдык статистика комитетинин баяндамасына таянып, РБК басылмасы жазды.

Ага ылайык, Орусияда 2020-жылы маңзат колдонуудан 7316 адам каза тапкан. Андан мурунку жылы 4569 киши баңгизаттан көз жумган.

Ал эми 2016-2018-жылдары статистика боюнча орточо 4,4 миң-4,8 миң киши жыл сайын маңзатка байланыштуу көйгөйдөн жапа чегип, каза тапканы баяндамада көрсөтүлгөн.

Орусияда 2020-жылы 139,8 миң киши бейажал каза тапканы аныкталса, анын беш пайыздан ашууну маңзат колдонууга байланыштуу болгону кабарланды.

«Росстат» маңзаттан өлгөндөрдүн катарына аны ашкере өлчөмдө колдонуудан ууланган же психикалык жабыркоого дуушар болуп, аягында анын айынан көз жумган адамдардын санын дагы кошкон.

БУУнун маңзаттарына каршы күрөшүү Башкармалыгы быйыл июнь айында жарыялаган баяндамасында пандемия башталган мезгилден бери дүйнөдө маңзатын колдонгондордун саны өскөнүн белгилеген.

Дүйнө жүзү боюнча 2020-жылы 275 млнго чукул киши маңзатка көз каранды экени аныкталып, алардын саны 2010-жылга караганда 22%га өскөнү баяндамада берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG