Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Министрлик Айтматовдун мүрзөсүнөн түндүк уурдалганын төгүндөдү


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнөн түндүк уурдалды" деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

18-июлда таратылган расмий кабарга ылайык, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдолууда.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Айтматовдун көрүстөнүнө орнотулган түндүк "уурдалганы" тууралуу жазышкан. Министрлик мемориалдык комплекс күчөтүлгөн режимде кайтарыларын эскертип, такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы көз жумган. Сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемораилдык комплексине коюлган.

Анын мүрзөсүнө күмбөз катары түндүк орнотулган. Улуттук символиканын бийикке эмес, жерге коюлушу жакшы жышаан эмес дегендер бул көрүнүштү сындап чыгышкан. Министрлик долбоордун автору У.Бейшенбаев менен биргеликте атайын топ күмбөзгө жаңы символ берүүнүн үстүндө иштеп жатканын кабарлады. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG