Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Баткен: ишкерлердин чыгымын жаппаган кенемте


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн Арка айылындагы имарат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн Арка айылындагы имарат.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы 53 ишкерге мамлекет 200 миң сомдон каржылык колдоо көрсөттү.

Андан тышкары үч жылдык мөөнөткө 0,1 % менен 200 миң сомдон ссуда берилүүдө. Чек ара жаңжалында дүкөндөрү өрттөнгөн, тонолгон ишкерлер миллиондогон сом чыгым тартканын, мамлекет берген жардамдар чыгымдарды жаба албай турганын айтууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык жардам берилип бүттү. Лейлек районундагы 51, Баткен районундагы 2 ишкерге 200 миң сомдон берилди. Ошондой эле, үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомдон ссуда берилип жатат.

"Чыгым ар башка, кенемте бирдей"

Лейлек районунун Арка айылында дүң соода кылган азык-түлүк дүкөнүн иштеткен Наргиза Орозалиева чек арадагы куралдуу жаңжалда дүкөнү тонолуп 15 млн. сомго жакын чыгым тартканын айтууда. Келтирилген чыгымды эсептеген комиссия 10 млн. сом чыгым тарткан деп эсептеп кеткен. Миллион сомго жакын насыясы бар Орозалиева мамлекет берген каржылык жардамды өтө аз деп эсептейт.

“Болгону 200 миң сом компенсация берди. 200 миң сом ссуда берет экен. Ал эмнеге жарайт? Болгону 4-5 муздаткыч аласың. Биз 10-15 млн. сом чыгым тартканбыз. Комиссия чыгымды 10 млн. сом деп эсептеп кеткен. Ушу менен компенсация болду дейт. 100 миң сом чыгым тарткан адам 400 миң сом жардам алганы жатат, ошол эле каражатты 10 млн. сом чыгым тартканга да беришет. Өкмөт насыялар жоюлат деген. Пайызын гана тоңдуруп койду, насыябыз турат”.

Арка: жаңжалда чыгым тарткан соодагерлердин үмүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

Ушул эле Арка айылында эки дүкөнү тонолуп, 5 млн. сомдон ашык чыгым тарткан Турдугүл Жороева дагы эмне кыларын билбей турат. Мамлекеттен берген 200 миң сомду алары менен аласалары четинен келип алып кеткен.

Ал патенти жок деген негиз менен жабыр тарткан ишкерлердин жарымы мамлекеттин 200 миң сом жардамын албай калганын айтып кейиди.

“5,5 млн. сом чыгым тартканбыз. Кечээ 200 миң сом берди. Бул акчаны бергенден бери аласасы бар адамдар кыстап жатат. 5-10 миң сомдон таратып бердик. 76 ишкерге жардам берилет деген. Бирок кыркка жакынына гана берди. Калганына "патентиң жок" деп акча берген жок. Патенти барбы-жокпу чыгым тартты да. Согушту биз баштаган жокпуз го?”.

Баткен облустук администрациясынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиеванын айтуусунда, келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия 122 ишкер жабыр тарткан деп эсептеп чыккан. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бекиткен жобого жабыр тарткан 53 гана ишкердин документтери туура келген.

“Лейлек жана Баткен районунда түзүлгөн атайын комиссия жалпы 122 ишкер жабыр тартканын аныктаган. Бирок, комиссия кайрадан жакшылап иликтеп чыккыла деп, 76 ишкерди иргеп алганбыз. Андан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ишкерлерге жардам берүү боюнча токтомундагы жобого 53 гана ишкер туура келди. Көпчүлүк ишкерлер талапка жооп бербей калды”.

Батма Имаралиеванын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы бекиткен жободо, ишкер Салык кызматында каттоодо турабы, тийиштүү салыктын түрлөрүн төлөгөнбү, ишкерлиги үчүн мамлекеттик акт же патент алганбы, ижарачы же ижарага берүүчү менен келишим түзгөнбү деген талаптар коюлган.

Чек арадагы жаңжалда жабыр тарткан ишкерлер мамлекет чыгымынын ордун толук толтуруп берет деген үмүтүн эбак үзгөн. Дүкөн иштеткен Наргиза Орозалиева дагы Турдугүл Жороева дагы мамлекет жок дегенде пайызы төмөн насыя берсе дешет.

"Колдон келгенин жасадык"

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 200 миң сом жардам жана 200 миң сом ссуда менен мамлекеттин жабыр тарткан ишкерлерге жардамы бүткөнүн тастыктады. Ал эми ишкерлерге насыя алууда жардам көрсөтүлөт дейт.

Абдикарим Алимбаев
Абдикарим Алимбаев

“Бул жардам биринчи этап. Экинчи этапта ишкерлерге насыя бергенге аракет кылып жатабыз. Ал эми мурда алган насыялар боюнча банктар менен максималдуу иш жүргүздүк. Айрым банктар 100% жоюп берди, айрымы 50%. Кээ бири каникул берди. Колдон келгенин жасадык”.

Чек арадагы жаңжалда дүкөндөр, дарыканалар өрттөлүп, тонолгондон сырткары унаалар, мал-жандыктар дагы жоголгон.

Учурда Орусияда иштеп жүргөн Лейлек районунун Достук айылынын тургуну Сыймык Эмилбековдун жүк ташыган унаасын айдап кетишкен. Эмилбеков жүк ташуучу унаасы насыяга алынганын, бийлик өкүлдөрү Тажикстандан алып келүүгө аракет көрбөй жатканын айтты.

“Бастырып кигенде жалпы тогуз жүк ташуучу унааны айдап кетишкен. Милиция жакында чыгат деп айткан. Төрт айдан бери жок. Насыяга алган элек, насыяны ошол унаа менен иштеп жабат элек. Тажикстандын атайын кызматынын колунда деп уктук”.

Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов чек арадагы жаңжал учурунда жети жүк ташуучу чоң унаа, 36 жеңил унаа жана 509 мал-жандык Тажикстанга айдалып кеткенин, тажик тарап аларды өткөрүп бербей жатканын билдирди.

Атайын эсепке түшкөн акча

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин кыргызстандыктар Экономика жана финансы министрлиги ачкан атайын эсепке 122 млн. сом чогулткан.

Министрликтин маалыматына ылайык, атайын эсепке түшкөн 122 млн. сомдун 34 млн. сому Лейлек районундагы Максат айылына курулган үйлөргө жылуулук системасын орнотууга жумшалган.

5 млн. сом чек арадагы жаңжалда жабыр тарткан балдарды жана чоңдорду Ысык-Көлдө эс алдырып келүүгө бөлүнгөн. Калган акча колдонула элек.

Атайын эсепке түшкөн каражаттан жабыр тарткан ишкерлерге жардам берилбейт.

Чек арадагы жаңжалда жабыр тарткан Лейлектеги Максат айылында 84 бүлө жаңы үйгө көчүп кирди. Максаттын тургундарына ачкычты 27-августта президент Садыр Жапаров өзү тапшырды. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу аяктай элек.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткендеги кандуу кагылышта талкаланып, күйүп кеткен үйлөр түрк өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Турак жайлар, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG