Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Чек арадагы элди кыжалат кылган курулуш


Максат айылындагы ордуна курулуп жаткан үйлөр.
Максат айылындагы ордуна курулуп жаткан үйлөр.

Апрель айынын соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда жараксыз болгон үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканына нараазылыктар айтылууда. 21-июлда Баткенде жыйырма чакты тургун облустук акимчиликтин алдына чогулду.

Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, айрым депутаттар өкмөттү катуу сынга алды. Турак жайы талкаланган тургундар убактылуу чатырда жашоого аргасыз болууда. Башында өлкө жетекчилери үйлөр эки айда бүтөт деп убада берген эле.

“Бизге караган киши болбой жатат. Анан облус башчысына жолугалы деп барганбыз. Улукбек Марипов келген экен, жолдон плакат жазып тосуп алдык. Маселебизди ага айттык. Үйлөрүбүздүн пайдубалы бүткөнүнө бир айдан ашты. Ошол боюнча иш жылбай токтоп калды. Азыр жашап жаткан чатырда күн ысыкта олтуруп болбойт. Менин үйүмдө он жан жашайбыз. Минтип качанга чейин жүрөбүз. Башында эки айда бүтөт дешти, анан августка жылды. Эми болсо Жогорку Кеңештеги жыйында ноябрга деп айтышты. Улукбек Марипов менен облус башысы бир жумадан кийин башталат деп жатат. Аны да күтөлүчү. Эртерээк бүтүрүп беришсе, биз дагы кышка отун-суу камдашыбыз керек. Быйыл ушинтип утурумдук жашап жатып талаа иштери да калып кетти. Компенсация берилет деген эле ал да жок. Билбейм быйыл кыштан кантип чыгабыз”,-деди облустук бийликке даттанып келгендердин бири, Ак-Сай айылынын тургуну Пиридин Имаров.

Баткендин Достук айылы. Чек арадагы жаңжалда талкаланган үй.
Баткендин Достук айылы. Чек арадагы жаңжалда талкаланган үй.

Пиридин Имаровдун үйүндө он адам жашайт. Чек арадагы жаңжал тутанган 29-апрель түнү 200 чарчы метрдей чоң үйү өрттөлүп тыптыйпыл болгон. Азык-оокаттарын сактаган жер төлөсүн да өрт жалмаган экен.

Чек арадагы курал колдонулган жаңжалда Баткен облусундагы 14 айылда үйлөр жараксыз абалга келген. Жалпысынан 140 турак жай пайдаланууга жарабайт, кайра курулат деп табылган эле. Учурда мамлекет тарабынан 90 пайыз үйлөрдүн пайдубалы даярдалды. Бирок андан кийинки жумуштар кечеңдеп жатканы тургундарды кыжалат кылууда.

Парламенттин 21-июлдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов үйлөрдү калыбына келтирүү иши чабал, уюшкандыкта жүрбөй жатканын айтып чыкты.

“Мына үч ай өттү. Качан калыбына келтирүү аяктайт? Өкмөт койгон бир мөөнөт же бир тапшырма барбы? Же качан аяктары белгисиз кете береби? Күз дейсиңер, ал качан так айткыла да. Эл жардамга деп акчаны жыйнап берген. Даяр уюшкандыкта иштесе, бир айда бүтүрүп койсо болот. Үч айда пайдубал куюпсуңар. Эртең кыш келет”,-деди Алтынбек Сулайманов.

Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын суроолоруна жооп берип жатып, курулуш иштери толугу менен ноябрь айында бүтөрүн айтты.

“Тапшырмалар коюлган. Иш жүрүп жатат. Кураштыруу жүрүп жатат. Ноябрь айына чейин бүтөт”.

Баткенди кайра калыбына келтирүү иши июль айына чейин бүтөөрү айтылган. Кийин 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата үйсүз калган 140 үй-бүлө жаңы тамдуу болоору убадаланган эле. Эми болсо бул иштер ноябрга чейин созулушу мүмкүн экени айтылды.

Максат айылында курулуп жаткан үй. 23-июль, 2021-жыл.
Максат айылында курулуп жаткан үй. 23-июль, 2021-жыл.

Чек ара жаңжалында Лейлек районунун Максат айылында сексенден ашык үй талкаланган. Курулуш иштери дагы биринчи ушул айылда башталып, Түркиядан келген куралма үйлөр жеткирилген. Максатта кырктан ашык үйлөрдүн дубалын кураштыруу дээрлик аяктап, ондон ашыгы пайдаланууга берилүү алдында турат. ​

“Биздин айылда азыр иш жакшы жанданды. Бир топ үйлөр ушу тапта кураштырылып жатат. Биздин үй болсо эң алдыңкылардан башталган эле. Азыр ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Сырдап, майда иштерин жасап жатышат. Аз күндө үйгө киребиз. Бирок менин мурдакы үйүм 300 чарчы метр болчу. Азыр 126 чарчы метр куруп жатышат. Бирок баардык шарттары менен болот, эмеректер да коюлат дешкен. Эми быйылкы кыштан чыксак дайын болот да сапаты, ысык-суука туруштук бериши. Анан бир айылга чогулуп уста жетишпей кыйналбастан Ак-Сайдан да курулушту башташ керек болчу деп ойлойм. Анткени алар дагы чек ара тилкесинде турган айыл",-деди Рахманберди Рахманбердиев.

Максаттагы жаңы курулган үй. 23-июль, 2021-жыл.
Максаттагы жаңы курулган үй. 23-июль, 2021-жыл.

Чек ара жаңжалынан кийин аймакты калыбына келтирүү, чек ара айылдарын өнүктүрүү үчүн президенттин атайын өкүлү дайындалган.

"Курулуш иштери эми гана жанданды. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата ар бири 126 чарчы метр болгон үйлөр курулушу аяктап, пайдаланууга берилет",-дейт Баткендеги чек ара аймактарын калыбына келтирүү боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов.

“Үйлөрдүн сапаты изилдөөдөн өтүп, эл аралык атайын сертификатары бар. 50 градус ысык-суукка туруштук берет. Президенттин демилгеси менен жардам иртеринде келгендиктен баасын айталбайбыз. Ар бир үйдө эки уктоочу бөлмө, акшана, мейманкана, эки тазалык бөлмөсү болот. Саркынды суулары үчүн да септик жасап берилет. Курулуш материлдарынын сапаты эң жогору. Азыр жергиликтүү усталарды да даярдап, тездетип ишти бүтүрүү аракети болуп жатат. Түркиядан дагы курулуш материалдары келип жатат. Мындан тышкары каза болгон мекендештерибиз үчүн курулуп жаткан үйлөр да курулушу аякташына жакындап калды”.

Чек арадагы куралдуу жаңжалдагы чыгымдар мекемелер аралык атайын комиисия тарабынан иликтенип, Баткен облусу боюнча бир млрд 300 млн сомдон ашыгыраак деп эсептелген. Биринчи кезекте турак жайларды калыбына келтирүү иштери башталып, казынадан социалдык маселерди чечүү үчүн 700 млн сом ажыратылган.

Азырынча турак жайдан тышкары чыгымдарды калыбына келтирүү маселеси ачык бойдон турат. Өрттөлгөн дүкөн, май куйган бекеттер, жоголгон 500дөй бодо мал жана башка чыгымдар качан, ким тарабынан орду толтурулары айтылган эмес.

2-июлда Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган 29 үй жаңыдан курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылган. Тажик бийлиги куруп берген ар бир жаңы үйгө кеминде 130 миң сомони же (11 миңден ашык АКШ доллары) сарпталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG