Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Чек арадагы тиреште 100дөй турак жай өрттөлгөн


Чек ара чырында өрттөлгөн үй. 01.05.2021
Чек ара чырында өрттөлгөн үй. 01.05.2021

Чек арадагы тиреште Баткен облусунда 78 турак-үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаал министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Маалыматка ылайык, Миң-Булак, Достук жана Максат чек ара тозоттору талкаланган. Сада, Раззаков, Арка, Максат, Достук жана Борбордук айылдарындагы үйлөр, имараттар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG