Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Ооган урушу: Бишкек эске алчу жагдайлар


Ооганстан, 3-август, 2021.
Ооганстан, 3-август, 2021.

Ооганстандагы кагылышууларга байланышкан курч кырдаал дүйнө коомчулугун, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттерин тынчсыздандырып жатат. Ооган чыр-чатагы Борбор Азиядагы Кыргызстандын коопсуздугуна кандай тобокелдиктерди жаратууда жана анын алдын алуу үчүн кандай чаралар керек?

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Талкууга Коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Артур Медетбеков, Тышкы иштер министрлигинин мурдагы төрагасы Талант Кушчубеков катышты.

- Бишкекте коопсуздукту талкуулаган 12-августтагы эксперттердин тегерек үстөлүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал Кыргызстандын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет деп билдирди. Кандай коркунучтар күтүп жатат? Кандай чакырыктар эске алынышы керек?

Талант Кушчубеков
Талант Кушчубеков

Талант Кушчубеков: - Саясий жагынан алганда Талибан кыймылы эл аралык деңгээлде сөзгө турбаган, өз билгенин кылган уюм десек чындыкка жакын. Себеби, ошол эле АКШ менен сүйлөшүлгөн алдын ала келишимде ооган өкмөтү менен Талибандын ортосундагы талаш-тартыш жалаң тынчтык жолу менен чечилет деген. Анын негизинде АКШ өз күчтөрүн чыгарууга сөз берген. Андан бери чыр-чатак уланып, Ооганстанда бир топ өрөөндөр талибдердин колуна өтүп, өкмөттүк күчтөр алсызданганын угуп-көрүп атабыз.

Ошондуктан, айтылып аткан сөздөр жөн эле чыкка жок. Себеби, Ооганстан бизге жакын өлкө. Түздөн-түз чектеш болбогону менен кошунабыз Тажикстан менен миң чакырымга жакын чек арасы бар. Баткен окуясын эске алсак, кандайдыр бир күчтөр Тажикстан аркылуу өтүп кетсе, тажиктердин өздөрүнүн да күчү жетпей калат.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Артур Медетбеков: - Биринчиден, Талибандан коркуп, паникага түшпөш керек. Алар чоң стратегиялык коркунуч туудурбайт. Ооганстан менен чектешпейбиз. 1999-2000-жылдардагы окуяларга салыштырсак, анда Тажикстан менен жалпы чек арабыз жок болчу. Тажикстандагы күчтөр жаңы жарашкан учур эле. Бүгүн Тажикстандын чек арасы бар, биз бул өлкө менен чек араны кармаганга аракет кылып атабыз.

Эң негизги потенциалдуу коркунуч - Ооганстандын түндүгүндөгү Визирстанда "Ал-Каидага" кирген Өзбекстан ислам кыймылы, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Түркистан ислам кыймылына кирген экстремисттик уюмдун мүчөлөрү 20-30 жылдан бери жайгашып турат. Алардын көбү Фергана, Каратегин өрөөнүнөн чыккан. Демек, ошол өрөөндө алардын уктап жактан уячалары, жактоочулары бар. Ошого таянып, локалдык түрдө террордук актыларды өткөргөнгө шарт түзбөсө, андан ашык чыга алышпайт. Экинчиси- качкындар болушу мүмкүн. Алар адегенде Тажикстан менен Өзбекстанга качып кирет. Биз чек ара эрежелеринин негизинде кокус эле БУУнун же башка эл аралык уюмдардын “ушунча качкын келсе, алгыла" деген кайрылуусу болсо, ошондо кайрылышыбыз мүмкүн.

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов
“Биздин мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү буга кайсы бир деңгээлде даярдык көрүп жатат. Кокус Сириядагыдай масштабга өсүп кетсе аймактык уюмдардын, биринчи кезекте ЖККУнун жардамы керек болот. ЖККУ мүчө болгон өлкөлөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн түзүлгөн. Эгер согуштук күчтөр чабуул жасаса, аларга каршы биргелешип күрөшүүгө устав жол берет”. Марат Иманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы.

- УКМК төрагасы Ооганстан жаңжалына байланыштуу алдын алуучу коопсуздук чаралары көрүлүп жатат деп айтканы бар. Коопсуздук кеңешинин катчысы дагы "террорчул топтор менен сүйлөшүү дегеле мүмкүн эмес, ага каршы күч гана керек, өз алдынча өлкө катары даярдык көрүп жатабыз" деди тегерек үстөлдөгү талкууда. Кыргызстандын коркунучтарга каршы туруу мүмкүнчүлүгү кандай?

Артур Медетбеков: - Мамлекет Талибандар чыкпаса деле улуттук коопсуздукту сакташ үчүн экстремизмге, терроризмге каршы чараларды көрүп келген, көрөт. Дайыма даярдык болушу керек. Экинчиден, Ооганстанда болуп жаткан окуяны көп тараптуу карашыбыз керек. Себеби, акыркы кезде Талибан кыймылы рационалдуу иштей баштады. 90-жылдардагыдан бүгүнкүлөрдүн айырмасы чоң. Бүгүнкү башчылары, орун басарлары, мисалы, Хаккани радикалдуу болсо, Якуб дегендери кепке келе тургандар. Ошон үчүн Дохада сүйлөшүү өткөрүп жатат. Булардын максаты мурдагыдай эле АКШ аскерлерин, президент Ашраф Ганини кетирип, Ооган ислам республикасын куруу.

Биз көрүп-угуп жаткандай, Талибанкошуна өлкөлөргө кол салып, чатак чыгарышы жакынкы арада мүмкүн эмес. Алар түзүлүп, түптөлүп, чоң күч болгондо гана кыр көрсөтө алат. Бүгүн Тажикстандын кайрылуусу менен ЖККУнун мүчөлөрү чогулуп, оперативдүү штаб түзүштү. Андагы пландын негизинде аскердик машыгуулар өттү.

- Машыгууга Кыргызстан катышкан жок да.

Артур Медетбеков: - Кыргызстан катышпаганы менен, ЖККУнун штабында кыргызстандыктар бар да. Эгер талибдер чек арага кол салууга аракет кылса, Кыргызстан бир батальон менен катышат. Себеби, ЖККУдагы он батальондун бири Кыргызстандыкы. Андан тышкары Орусия Тажикстанга аскердик чоң жардамын, баллистикалык “Искендер” ракетасын, учкучсуз дрондорду берди, 201-аскерий базасы турат. Талибандар деле муну түшүнүп турат.

Ошон үчүн Москвада быйыл жана былтыр эки ирет жолугушууга барды. Мен учурдан пайдаланып айтаар элем, Орто Азия өлкөлөрүндө кандайдыр бир паника жаратыш үчүнбү, адамдардын психологиясына ойнош үчүнбү, айтор, кээ бир чет элдик эксперттер, аскер кызматындагылар “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” аянтча түзүп, туура эмес маалыматтарды берет.

Талант Кушчубеков: - Жеке көз карашымда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бул биздин 30 жылдык турмушубузга байланыштуу. Бул жагынан ЖККУ аркылуу гана маселени чечкенге аракет кылышыбыз керек. Ички маселеге келгенде, Фергана өрөөнүндө топтолгон чоң күчтөр жок деп эсептейм. Бирок, эл арасында ошол көз карашка жакын, исламды жактаган, Ооганстанга кетип калган бирин-серин адамдар бар. Алар бир уюмга топтолгон эмес. Бирок, ар кандай кырдаалдарды эске алып, даярдык көрүшүбүз керек.

- Эл аралык эксперттер Ооганстандагы уруш Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чоң сыноо болуп атат деп жатышпайбы. Бирдиктүү стратегия, план менен аракет жасаса гана Ооганстан чакырыктарына каршы тура алат деген көз караштар айтылууда. Буга үмүт артса болобу?

Талант Кушчубеков: - Башка жол жок. Аскер кызматкерлеринин, саясатчылардын арасында деле биргелешип каршылык көрсөтпөсөк, тил табыша албай бөлүнүп кетсек, өзүбүзгө эле кыйын болот деген түшүнүк бар.

- Мисалы, Ашхабад жолугушуусу ооган маселеси боюнча кандайдыр бир жыйынтыкка келдиби?

Артур Медетбеков: - Бул боюнча маалыматтар көп чыккан жок. Негизи, Орто Азия өлкөлөрүнүн башчылары үчүн Ооганстан, чек ара маселелери негизги тема болду. Себеби, Ооганстан таасири Түркмөнстанга өтө катуу экенин бардыгы билет. Экинчиден, Ооганстандагы окуялар Түрмөнстан эле эмес, Өзбекстанга, Тажикстанга биринчи кезекте таасирин тийгизет. Ошонун тегерегинде биргелешип күрөшүү, чалгын маалыматтарын алмашуу боюнча, кокус чабуул болсо кандай күрөшөбүз деп сүйлөшүүсү мүмкүн. Бул жеке пикирим. Негизи, Орто Азия өлкөлөрү өзүнчө форум түзүп, жардамдаша турган бир уюм түзүп алса, ашык болмок эмес.

Үчүнчүдөн, талаа командирлери менен Түркмөнстандын катнаштары жогорку деңгээлде эмес, бирок газ кууру боюнча ТАПИ (Түрмөнстан, Ооганстан, Пакистан, Индия) деген долбоору бар да. Ошону курабыз деп талаа командирлери, Талибан менен ар кандай сүйлөшүүгө барып атышат. Барбаска чарасы жок. Демек, бул жерде коомго билинбеген дагы бир экономикалык, геоэкономикалык саясат жатат.

Талкууну толук видеодон көрө аласыз.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG