Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:18

Ооганстандагы абал, Бишкектин даярдыгы


Кыргызстандын учурдагы негизги тышкы коркунучу Ооганстандагы абалдын курчушунан улам эл аралык терроризм, диний экстремизм болот, ал эми ички корунуч катары азык-түлүк коопсуздугу, экономикалык оор кырдаал жана социалдык-саясий абал аталууда.

Бул тууралуу Бишкек шаарындагы “Кыргызстандын коопсуздугунун актуалдуу чакырыктары” аттуу тегерек үстөлдө айтылды.

Сентябрга чейин АКШ баштаган эл аралык коалиция аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткени турат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстандан келе турчу коркунучтарга мамлекет даярдык көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында күч жетпей бара жатса мамлекет Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) жардамына муктаж болот.

“Ирак жана Сириядагы качкан жоочулар Ооганстанга өтүп кеткен. Ооганстандын түндүк аймактарында лагерлерин түзүп алышкан. Алар ондогон эмес, дүйнө жүзүнөн чогулган миңдеген жоочулар. Негизги күчү биздин региондон чогулгандар. Бул күч бизди көздөй өтүп келиши мүмкүн. Талибандар эмес, жоочулар. Биз муну так билип, даяр болушубуз керек. Алар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес. Аларга мамлекеттин кара күчүн каршы коюшубуз керек. Мамлекет даярданып жатат. Эгер масштаб чоң болсо ЖККУнун жардамына муктаж болобуз”.

“Кыргызстандын коопсуздугунун актуалдуу чакырыктары” аттуу тегерек үстөлдүн жүрүшүн толук видеодон көрүңүз.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтуусунда Ооганстандан жоочулардан мурда качкындар келиши мүмкүн. АКШ расмий түрдө качкындарды кабыл алуу үчүн Кыргызстанга кайрылбаганы менен даяр турушубуз керек дейт.

Эске салсак, буга чейин АКШ Ооганстандан качкандарды кабыл алуу маселесин Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүп жатканы кабарланган.

“Ооганстанда жарандык согуш болуп, куралдуу согуш күч алса жөнөкөй жарандар качканга мажбур болот. Биздин түз чек арабыз жок, бирок Тажикстан менен Өзбекстанга кирип келип, бизге өтүшү мүмкүн. 90-жылдары көп качкын келген. Ошондуктан биз даяр болушубуз керек. Атайын даярдык көргөн жокпуз. Бирок теориялык жактан андай коркунуч бар. Мамлекет катары даярдык болушу керек”, - деди Иманкулов.

Талибдердин чабуулдары май айынын башында АКШ жана бир катар өлкөлөр өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кете баштагандан тарта күчөгөн.

Андан бери талибдер Ооганстандын бир катар аймактарын, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш райондорун ээлеп алды.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков дагы Ооганстандагы абалдын курчуп баратышы Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн экенин ырастайт.

“Ооганстандын түндүк провинциясында жайгашкан террордук уюмдарга Борбор Азиянын Фергана, Каратегин аймагынан кеткен жоочулар коркунуч жаратышы мүмкүн. Алар ачык чек арага кол салбайт, бирок чакан согуштар болушу мүмкүн. Ошондой эле идеологиясына сугарып, жанкечтилерди жөнөтүшү, бул жакта адамдарды өз тарабына тартышы да мүмкүн. Экинчи корунуч качкындар. Бирок качкындар мурдагыдай болбойт. Анткени талибдер азыр жолдорун тосуп өткөрбөгөнгө аракет кылып жатат. Качып кеткендерин Тажикстан менен Өзбекстан кабыл алат. Ошентсе дагы биз даяр болушубуз керек”.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстандагы экстремисттик-террордук уюмдардын катарында кыргызстандыктар дагы бар экенин ырастады. Бирок алардын так саны жок дейт.

Борбор Азия мамлекеттери Ооганстандагы абалга тынчсызданып турган чакта, Талибан кыймылы Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөргө кол салбоого убада берип, жоошутууда.

Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Бүткүл орусиялык билим берүү форумунда сүйлөп жатып Талибан кыймылы түндүк коңшуларына кол салбоого убада бергенин билдирди.

"Мурдатан Ооганстан аркылуу мыйзамсыз маңзат соодасынын кооптуулугу жана Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга террористтердин кирип келүү коркунучу бар болчу. Эми биздин союздаштар бардыгына даяр турушу үчүн биз болгон күч-аракеттерди жумшайбыз".

Ал тапта Орусиянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү Талибандын саясий жетекчиси молдо Абдул Гани Барадар менен жолугушканы маалым болду. Талибан кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид бул сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн Ооганстандагы кырдаал түзгөнүн айтып, Ооганстан менен Борбор Азиянын ортосундагы соода алакасы тууралуу сөз болгонун кошумчалады.

Шайлоо дагы коопсуздук үчүн коркунуч

"Кыргызстандын коопсуздугунун актуалдуу чакырыктары" аттуу тегерек үстөл учурунда күздө өтүүчү парламенттик шайлоо ички коркунучтардын бири катары айтылды.

Марат Иманкуловдун айтымында Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында шайлоо процесстери коопсуздукка коркунуч келтирген очок болуп калды. Иманкулов күздө өтүүчү парламенттик шайлоо учурунда саясий күчтөрдү абалды курчутпоого чакырып, бийлик таза шайлоо өткөрөт деп убада берди.

“Мамлекеттеги коркунучтарга чакырыктардын бири шайлоо процесси дагы болуп калды. Шайлоонун айынан төңкөрүш болуп бийлик алмашкан үч учур болбодубу. Биз бул практиканы токтотуш керек. Токтотуш үчүн шайлоону таза өткөрүш керек. Бийлик шайлоону калыс өткөрүүгө аракет кылабыз. Саясий күчтөр шайлоого мыйзамдуу катышсын. Бирок шайлоого шылтап абалды курчутам дегендерге жол бербейбиз. Жалаң эле бийликти ойлой бербей, мамлекетти да ойлойлу”.

Өткөн айда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында айрым жарандарды жана саясатчыларды бийликти сындаганы үчүн айыптап, коом радикалдашып бара жатканын айткан.

Ташиев аларга чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, "азыркы бийлик мындан ары революцияга жол бербейт" деген.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Кыргызстанда саясий абалды бийлик башында отурган адамдар өздөрү курчутарын айтты.

“Саясий күчтөргө "абалды курчутпагыла" деп эскерткенден эмне пайда? Азыр жалпы абал курчуп турбайбы. Күзгө чейин экономика дагы оорлойт да. Азык-түлүк кымбаттап бара жатпайбы. Шайлоодо болсо жалаң олигархтар жана бай-манаптар келген жатат. Системаны туура түзүп, туура саясат жүргүзүш керек. Абалды курчуганга шайлоодон башка деле толгон себеп бар. Канча чакырык жасаган күнү деле туура саясат жүргүзбөсө дестаблизация болот. Былтыр Жээнбеков деле убада берип отурбады беле?".

Кыргызстанда парламенттик шайлоо күздө өтөт. Жогорку Кеңеш жаңы кабыл алган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык 90 депутаттын 54ү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Кыргызстанда 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жаратып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган. 2005-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин дагы Аскар Акаевдин режими кулаган.

"Арай көз чарай": Ооган урушунун ыктымал чакырыктары. 12-август, 2021-жыл.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG