Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Тажикстандагы аскердик машыгуу жыйынтыкталууда


Ми-24 тик учагынан түшүп келе жаткан десант. Термез полигону. Өзбекстан. 5-август, 2021-жыл.
Ми-24 тик учагынан түшүп келе жаткан десант. Термез полигону. Өзбекстан. 5-август, 2021-жыл.

Үч өлкөнүн 2,5 миң аскери катышып жаткан машыгуу Ооганстан менен чек арадан 20 чакырым аралыктагы Харб-Майдон полигонунда өтүп жатат. Аскер авиациясы "Тик учак айлампасы" деп аталган ыкма көрсөттү. Бул ыкма жердеги аскер күчтөрүнө абадан колдоо көрсөтүүгө багытталган.
ТАСС билдиргендей, машыгууда Орусиянын Ми-24, Ми-8 тик учактары жана С-8 ракеталары колдонулууда.

Машыгууга Орусиядан 1,8 миң аскер жана 500 аскердик техника тартылган.

Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын аскерлеринин катышуусундагы биргелешкен машыгуу бүгүн, 10-августта жыйынтыкталат. Үч тараптуу машыгуу Тажикстанда 5-августта башталган.

Буга чейин Орусиялык аскерлер Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Термез полигонунда жергиликтүү жоокерлер менен чогуу 2-6-август күндөрү машыгуу өткөргөн.

Машыгуулар Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Өзбекстан менен Тажикстанга "аймактагы кырдаалды тескөө жана террордук коркунучтардын алдын алуу" максатында курал берүү көбөйтүлгөнүн билдирген.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин "Талибан" кыймылынын аракеттери күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG