Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 14:08

Талкуу жараткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы


"Манастын уулу Семетей" тасмасын тартуу учуру.

Кыргызстанда “Манастын уулу Семетей” аттуу көркөм тасма тартыла баштады. Ал президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылып жатканын тасманын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал арада коомчулукта тасманын тартылышына каршылыгын билдиргендер көп болууда.

Өмүрзак Төлөбеков көркөм фильмдин сценарийин Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазып, тартылуу иштери жакын арада гана башталганын айтты.

Өмүрзак Төлөбеков.
Өмүрзак Төлөбеков.

“Тартымдар 23-июлда башталды, ага чейин керектүү кийим-кечелерди, буюм-тайымдарды жасап, бир ай даярдандык. “Манастын уулу Семетей” тасмасынын убактысы кинотеатрлар үчүн болжол менен 2 жарым саатка созулат. Кийин эпизоддорду кошумчалап, 10 чакты телесериал кылууну пландап турабыз".

Төлөбеков эл ичинде “Манастын уулу Семетей” тартылбашы керек деген пикирлерге төмөнкүчө жооп узатты:

“Иса пайгамбар менен Мухаммед пайгамбарды деле кино кылып тартып жатышпайбы. “Манас”, “Семетей” – элдик чыгарма. Аны ыйык кылып мифологияга эле байлай берген туура эмес. Эпос адабий чыгарма катары байыртан бери жашап келген. Ал кезде кино тармагы жок болгон, болсо ошондо эле эл тартмак. Андан кийин “Манастын уулу Семетей” 40 жыл бою театрга коюлуп келди. Ошондо каякта эле азыркы сынчылар? Бул ыйык адамдын жүзүн койгонго болбойт деп чыгышпайбы? Бул менинмче туура эмес көз караш. Азыр деле элдин 90 пайызы Манас, Семетей деп коюшканы менен билбейт, окуган эмес. Тескерисинче, биз окуяларды тасмага тартып, элге кеңири жайылтып жатпайлыбы. Бул жакшы көрүнүш да. Экинчиден, “Манас” кыргыздын эле эмес дүйнөнүн шедевр чыгармасы болуп калды. Ошондуктан биз дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө көргөзгөнгө аракет кылуудабыз”.

"Манастын уулу Семетей" тасмасын тартуу учуру.
"Манастын уулу Семетей" тасмасын тартуу учуру.

"Манастын уулу Семетей" тасмасына эки киши режиссёрлук кылат. Казакстандык режиссёр Дархан Кожохан жана кыргызстандык режиссёр, Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев.

“Азаттык” Эгемберди Бекболиевге байланышканда, эртеден кечке фильм тартуу менен алек болуп бошобой жатканын айтып, кыска гана пикирин айтты.

“Бул оор. Себеби, жоопкерчилик деген татаал нерсе. Ар кайсы жагынан кырдаалын ойлоносуң кечке. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, кээде жагдай ар түрдүү болуп калат. Бир эле мисалын айтсам, аба ырайынын да ыңгайлуу учурун күтүү керек болот. Чайыттай ачык күн керек болсо, булут каптайт, булут керек болсо, күн чыгып алат. Тоонун башында тартуу иштери менен жүрүп, эң эле ылдыйлаганыбыз Кой-Таш болуп жатат азыр. Анткени азыр сырттагы эпизоддорду тартып жүрөбүз”.

"Манастын уулу Семетей" тасмасын тартуу учуру.
"Манастын уулу Семетей" тасмасын тартуу учуру.

"Каармандар​ эл элестеткендей тартылабы?"

Ал арада социалдык тармактарда “Манастын уулу Семетей” тасмасына каршы пикирлер байма-бай чыга баштады. Алардын арасында жөнөкөй жарандардан тартып, белгилүү маданий ишмерлер, тарыхчылар дагы бар.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Манас” эпосу тууралуу тасманы өтө дасыккан, эпосту жүрөгү менен кабыл алган режиссёр тарабынан гана тартылышы керек деген пикирин айтты:

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

“Кино тарткандар бир миллион доллар каражат топтодук деп жатышат. Бул каражатка “Манастын уулу Семетей” өз деңгээлинде тартылбайт. Киноиндустриясын жакшы билем, буга өтө чоң каражат керектелет. Экинчиден, “Манас” эпосу ар бир кыргыздын жүрөгүнөн терең орун алган өзгөчө баалуу чыгарма. Ошондуктан катардагы эле бир киного айланып калуу коркунучу бар. Бизди азыр коңшулар да “Манасына” кандай мамиле кылат деп карап турат. “Манастын”, “Семетейдин” ичинде эмне деген керемет эпизоддор бар. Анын баарын бир миллион долларлык тасмага батыруу мүмкүн эмес. Тартылса да максатына жетпей калган бир кездеги “Каныбек” киносу сыяктуу болуп калышы турган иш. Биз топтолгон элди, тартуучу топту, актёрлордун минген аттарын, формаларын көрдүк. “Манас” эпосу шашылыш үч айда тартылып, элге жарыялай турган оюнчук тасма эмес. “Манас” темасына кайрылганда, мамлекеттик деңгээлде өтө чоң даярдыкта конкурстарды уюштуруп, ошол доорго жооп бере турган оригиналдуу кийимдерди, декорацияны мыктылап алып анан киришүү керек”.

(Тарыхчы Молдокасымов кеп кылган “Каныбек” тасмасын 1978-жылы белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаров Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романынын негизинде тарткан. ред.)

“Манастын” каармандарын көркөм фильм катары тартуу оңой жумуш эмес экенин билдирип, анимациялык тасма катары тартса болорун айткандар да бар. Алардын бири Эл артисти Түгөлбай Казаков:

Түгөлбай Казаков.
Түгөлбай Казаков.

“Буга чейинки мен деген мыкты режиссёрлор “Манасты” тартсак деп жүрүштү, бирок кайра баш тартып жатышты. Анткени эпостогу каармандарды эл элестеткендей кылып актёрлор ойной алабы, ошол маселе болду го. Биз анткени эпосту окуганыбыздай кылып элестетип, жандүйнөбүзгө жашатып алганбыз да. Ал эми жай турмуштагы жашоо башка. Мисалы, чыгармада “Каалгадай кашка тиш, калайыктан башка тиш” деген сыяктуу сүрөттөөлөр арбын. Буларды өзүндөй берүү кыйын. Семетей атасы Манастан кийинки эле баатыр болгон соң, менимче биз элестетип алган чыгарманы анимациялык фильм кылып гана тартса болот”.

Фольклористика тармагында филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев “Манас” тууралуу тасма эртеби-кечпи тартылуусун колдойт. Бирок анын пикиринде эпостогу баалуулук, улуулук сакталышы керек:

Талантаалы Бакчиев.
Талантаалы Бакчиев.

“Мен тайманбай эле айтам, кино тартылышы керек. Бирок негизги маселе татыктуу деңгээлде тартылышы кажет. Болгону ошол. Бул Кыргызстанга аброй алып келе турган иш болсо, кыргыз Манасты, Манас кыргызды тааныта турган кадам болсо эмне үчүн болбосун? Кинематография бизде таптакыр жок нерсе эмес, СССРдин учурунда дагы кадыр-барктуу кинематография бар болчу. Бизде ошодон калган мектеп бар. Болгону Манас таануучулар жана башка мыкты адистер менен кеңешилип, башта айткандай эле мыкты деңгээлде тартылса жакшы болмок”.

Чыгармачыл топтун пикири

Тасманын башкы оператору Айбек Жангазиев, чыгармачыл продюсери Нурлан Мамакеев, аткаруучу продюсери Жолдошбек Жанжигит жана сүрөтчүсү Садыр Сагынбаев.

Жолдошбек Жанжигит уулу тасма баштала электе эле жааган сындарга алдын ала даяр болчубуз деп билдирди. Анын айтымында эпостун бир бөлүгү тууралуу көркөм тасма тартуу аракети мүчүлүштүк менен коштолгон күндө деле, кийинки тартылчу тасмаларга тажрыйба болуп бере алат:

Жолдошбек Жанжигит уулу.
Жолдошбек Жанжигит уулу.

“Тасма тартуу процесси эми башталганда эле ажиотаж кыла берген туура эмес. “Тайторуну чапкан жери жок экен”, “Анысы жок экен”, “Муну жок экен” деп жатышат. Эми чоң эпостун бүтүндөй толук сюжетин бир тасмага батыруу мүмкүн эмес да. Анан формаларды сүрөттөн көрүп эле, аны айтып киришти. Миң жыл мурун өткөн бабаларыбызды эмес, кечээги жүз жыл мурун жашаган Балбай сыяктуу баатырларыбыздын кандай кийингени тууралуу архив жок да. Анан ошого карабай формалардын жок болгонун издеп таап, жасап, аракет кылып атабыз. Президент өзү колдоого алып, каржы чечилип калса да, моралдык колдоо берип койгондун ордуна кынтык таап атышат. Команда алсыз дегендерге айтайын, Эгемберди байке билимди Ташкенттен, Дархан Москвадан окуп алган. Өз ишине чебер топ иштеп жатышат. Бир айдай сабыр кыла турушса, акырындан кыскача трейлер чыга баштайт. Жок дегенде ошондо сындашса бир жөн эле”.

Ошону менен катар Жолдошбек Жанжигит уулу чыгармачыл топ иштеп жүргөн жердеги таштанды калганын сындагандар болгонун, тартуу иштери бүтөрү менен бардык жер учурунда тазаланганын кошумчалады.

"Манастын уулу Семетей" тасмасынын тартылып, тазалоо иштери жүргөн жер.
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын тартылып, тазалоо иштери жүргөн жер.

Бюджети 1 млн долларды түзгөн көркөм тасмада Каныкейдин ролун актриса Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева, Бакайдын ролун актёр Темирлан Сманбеков, Жакыптын ролун Эшенкул Барпиев ойнойт.

"Манастын уулу Семетей" тасмасынын тартылуу учуру.
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын тартылуу учуру.

Ал эми азыр башкы каарман Семетейдин балалык чагы тартылып жаткандыктан, башкы ролду ойноочу актёр тандала элек.

Маалымат булактарында “Манас” эпосу тууралуу көркөм тасма тартууну каалагандардын бири акын Жоомарт Бөкөнбаев болгону айтылат.
Акын 1944-жылы “Манасты” тартуу иштери менен жүргөн кезде кырсыктап каза болгону маалым.

2014-жылы Кытайлык кыргыздар “Манас” эпосу боюнча 3D форматында мультфильм тарта баштаган. Бул тууралуу долбоордун автору, кытайлык кыргыз жаран Баймуканбет уулу Кубанычбек ошол кезде “Азаттыкка” билдирген.

Андан башка да “Манас” тууралуу анимациялык тасмалар бар. Алардын катарында сүрөтчү Татьяна Зеленская жана Татьяна Дедикова иштеп чыккан мультфильм бар. Сценарийин Ашым Жакыпбековдун "Теӊири Манас" романынын негизинде Айбек Байымбетов менен Салтанат Кыдырмаева жазып чыккан. Анимациялык тасма “Улуу аш” аталышы менен 2019-жылдын башында социалдык тармактарга чыккан.

"Манас" эпосу - кыргыз элинин баатырдык эпосу. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине жана Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.

Манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч илтигинин көлөмү 500 553 ыр сабынан турат. Ошондой эле "Манастын" Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай, Актан Тыныбек уулу, Шапак Рысмендеев жана башка манасчылар айткан ондогон варианттары бар.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG