Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:28

Арак-шараптын "Манас" аталышына тыюу салган мыйзам


Кыргызстандан чыккан коньяктар.

"Манастын" каармандарынын атын ичимдиктерге койбоо маселеси кайра талкууга түштү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги материалдык эмес маданий мурастар тууралуу мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда алкоголь жана тамеки өнүмдөрүнүн аталышына "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" деген сөздөрдү колдонууга тыюу салган норма бар.

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети "Манас" эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун караган. Аны депутат Самат Ибраев баш болгон 40 депутат сунуш кылган. Мыйзамдын максаты эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө жана Манас деген ысымды коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу аракеттерин тескөө.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Самат Ибраев:

Самат Ибраев.
Самат Ибраев.

“Былтыр июнь айында караганбыз, анда биринчи окуудан өткөн. Азыр эми экинчи, үчүнчү окуудан карап жатабыз. Анда Манас атабызды биздин руханий адеп-ахлактын символу катары кароо сунушталган. Негизги идея ушул. Андан сырткары манасчыларга артист деген статустан башка статус берүү маселеси да бар. Манасчыларга буга чейин Эл артисти деген наам берилчү да. Ошону менен катар өкмөткө манасчыларды материалдык жактан колдоого алуу жана эпосту жайылтуу боюнча эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча тапшырма берип жатабыз”.

2020-жылдын июнь айында “Манас” эпосу боюнча мыйзам долбоору парламенттин комитетинде каралып, 82 добуш менен биринчи окууда кабыл алынган.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков сунушталып жаткан мыйзам долбоору чийки деген пикирде. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорунда атактуу манасчылар Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Каралаевдин варианты классикалык үлгү катары көрсөтүлбөй, кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты көрсөтүлүп калганын айтат:

Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

“Мен өзүм окуган жокмун, бирок окумуштуулар айтып, чыркырап талашып жүрүшөт. Акча үчүн улуттук баалуулукту саткан болбойт да. Мен ачык эле айтам, Самат Ибраев демилгелеп жаткан мыйзам кезектеги окуудан өтпөшү керек. Ал "Саякбай" фондун дагы талкалады, Саякбайдын атын жамынып, чоң сыйлыктарды алды. Манастын атын арак-шарапка койбоо көтөрүлүп эле жүргөн маселе. Биз Манастын атынан ичимдик чыкпашы керек деп канча чуркап жүрдүк. Анан ортодон чыга калып эле чала-була чампалап, мыйзамды өзгөрткөн туура эмес. Ал үчүн карапайым элден баштап окумуштуулардын пикирине чейин угуп, чоң талкуу болушу керек”.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Маданият министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жыпара Дозоева буларды маалымдады:

"Манас" эпосу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу” чечим 2020-жылдын 7- февралында “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында кабыл алынган. Өкмөттүн аппаратынын 2020-жылдын 3 мартындагы № 21-8674 тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан. “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрликтин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында мыйзам долбооруна талдоо жүргүзүп, 2021-жылдын 8-июлунда Экономика жана финансы министрлигине жиберилген", - деди Дозоева

Мыйзамдын долбоору Бузуулар жөнүндө кодексине талдоо жүргүзгөн эксперттик жумушчу топ тарабынан каралып, 2020-жылдын 18-ноябрындагы №5 протоколу менен жактырылган.

Эске салсак, 2020-жылы 26-февралда "Манас" жана Чыңгыз Айтматов академиясында "Манастын доору жана "Манас" жөнүндө мыйзамдын аткарылышы" деген темада талкуу өткөн. Ага өкмөттүн өкүлдөрү, депутаттар, окумуштуулар, адистер, коомдук ишмерлер катышкан. Жыйында "Манас" эпосунун доорун тактоо тууралуу талаштуу пикирлер айтылган. 2011-жылдын 28-июнунда кабыл алынган "Манас" эпосу жөнүндөгү мыйзам учурда толук иштебей жатканы белгиленген. Анда мыйзамдын айрым беренелери мезгилге шайкеш келбей калгандыктан өзгөртүүлөрдү киргизип, кайра кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкканы кеп болгон.

Мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык "Манасты" бурмалап коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерине, "Манас", "Семетей", "Сейтек" деген аталыштарды арак, коньяктарга коюуга тыюу салынган.

"Манас" деп аталган коньяк.
"Манас" деп аталган коньяк.

“Кыргыз Коньягы” компаниясынын башкы коньяк жасоочусу Дүйшөкан Султангазиева 45 жыл бою кыргыз коньягын дүйнөгө таанытуу аракети менен иштеп келгенин айтат. Ал шараптар кандайча эпостун атын алып калганына токтолду:

“Азыр биздин коньяктар эл аралык конкурстарда баш байгелерди, 50дөн ашык алтын медалга ээ болду. 1976-жылы кыргыз жүзүмдөрүнөн даярдалган 10 жылдык коньякты “Манас” деп атап, ал кезде жабык болгон Манас эпосун СССР элине жана дүйнөгө таанытуу максатын койгонбуз. 1994-жылдан баштап атайын даярдалып, 1995-жылы 15 жылдык коньякты Манас эпосунун 1000 жылдык маарекесине арнап, СССРдин Эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин сунушу менен “Манас эпосуна 1000 жыл” деп аталган. Жер жүзүнө балет менен таанылган адам ушунча кубанып, дүйнө эли өз коньяктары менен мактанат. Биз дагы өз кереметтерибизди барктоого, сактоого үйрөнүшүбүз керек деп айткан".

Кыргызстандагы “Шоро” компаниясын түптөгөндөрдүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев кандайдыр бир бренд болчу өндүрүмдүргө ат коюуда терең маани берелиши керек дейт:

“Кандай болсо дагы Манастын атын алкоголдук ичимдиктерге койбоо кажет. Ичимдик чыгаргандар кааласа чоң атасынын атын койсун, өзүнүн, аялынын же дагы башка туугандарынын ысымын ыйгарсын. Бирок Манаска тийишпесин, анын миссиясы такыр башка. Мен компаниябызга “Шоро” деген атты өзүбүздүн балалык өткөн айылдын атынан койгом. Мен деле убагында “Манас” деп коюп алсам деле жарашмак, ага эч ким деле унчукпайт болчу. Бирок баалуулуктарга урматыбыз болушу керек да. Менин оюм ушундай, башка бирөөлөр да өз дүйнө таанымына жараша пикир айтышы мүмкүн”.

Манасчы Рысбай Исаков “Манас” эпосуна байланышкан көйгөйлөр арак-шарапка гана байланыштуу эмес, мамлекет коргоого ала турган башка да көптөгөн маселелер бар экенин айтты:

Рысбай Исаков.
Рысбай Исаков.

“Биринчи кезекте Манас атын алып жаткан дүкөн болсун, фирма болсун, мейли аэропорт болсун, аларга уруксат берип көзөмөлдөй турган уюм болушу керек. Эгерде ысымды алып жүрүүгө татыктуу болсо, эпостун жайылуусуна себеп болсо, берилиши керек. Албетте, эгерде жогорудагы ичимдиктер сыяктуу чуу болуп, зыян алып келбесе гана. Экинчи маселе азыр “Манас” эпосу башка тилдерге которулуп, чет өлкөлөргө тарап жатат, ал боюнча көзөмөлдөгөн эч ким жок. Кандай мааниде которулду, кимдин варианты которулду, түп нускага жооп береби деген да көйгөй жатат. Анан Манас атын жамынган уюмдар, манас таануучумун дегендер чыга баштады. Айта берсе көңүл бурчу башка маселелер да толуп жатат”.

"Манас" эпосу - кыргыз элинин баатырдык эпосу. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине жана Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.

Манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч илтигинин көлөмү 500 553 сап ырдан турат. Ошондой эле "Манастын" Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай, Актан Тыныбек уулу, Шапак Рысмендеев жана башка манасчылар айткан ондогон варианттары бар.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG