Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Каратегиндеги "Манастын кабыры"


Жерге-Талдын 3500 метр бийик Кара-Зоо тоосундагы «Манастын кабыры» деп аталган мүрзө.

Тажикстандын кыргыздар отурукташкан Жерге-Тал (азыркы Лакшы) районунда Манастын ысымына байланышкан бир нече топонимикалык тарыхый аталыштар бар.

Кыргызстандын илимпоздору булар боюнча археологиялык жана башка илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшү керек экени көп жылдардан бери айтылган менен астейдил көӊүл бурулбай келгени маалым.

Жерге-Талдагы бийик тоолордун төбөсүндө «Манастын кабыры» деп аталган мүрзө, аймакта «Кошой» деген айыл, «Жакып конгон» деген конуш бар. Эл арасында манасчылар болгон. Колхоздордун бири 1971-жылга чейин «Манас» колхозу деп аталып келген. Булар боюнча союз доорунда эле атайын изилдөө жүргүзүлүшү зарыл болчу.

Союз тарагандан кийин жакынкы эле жылдарда белгилүү Манас таануучу, таанымал тележурналист Темирбек Токтогазиев аталган райондо «Манастын кабыры» деген жер бар экенин уккан соң биринчилерден болуп изилдөө жүргүзгөнүн көпчүлүк эл билбесе керек.

- Темирбек мырза, көрсө, сиз Жерге-Талдын асман мелжиген тоолорунун төбөсүндөгү «Манастын кабырына» да барып, зыярат кылып келген турбайсызбы?

- Ошондой болгон. 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгынын алдында республикалык гезиттерде түрдүү макалалар чыгып жаткан. Ошолордун биринде баткендик жазуучу Музапар Үсөн Манастын мүрзөсү Баткенде, сөөгү ошол жерге коюлган деп жазыптыр. Бул маалымат мени абдан кызыктырды. Ал кезде президенттин администрациясында иштечүмүн. Дароо эле барып изилдөөгө шартым жок болгону үчүн бул ишти көңүлүмө түйүп койгонмун.

Кийин КООРТ телеканалына директор болуп иштей баштаганымда тележурналисттерим менен Баткенге бардым. Элден сураштырсам, Зардалыда бир аксакал бар, муну ошол киши жакшы билет деп айтышты. Ал кишиге барып жолуктум. 78 жаштагы аксакал аймактагы таанымал мерген экен. «"Манастын кабырына" кантип барса болот, сиз алып барып көрсөтө аласызбы?» - деп сурадым. «Көрсөтө алам, бирок ал мүрзө бизде эмес, Тажикстандын аймагындагы Кара-Зоо деген жерде. Ат менен эки күндө жетебиз. Эгер уруксат алып келбесеӊ, тажик чек арачылары атып же уруп-согуп коюшу мүмкүн», - деди ал.

Муну уккандан кийин тайсалдап, Бишкекке кайтып келдим. «Манастын кабырына» бара албай жатканым тууралуу маалыматты телеканал аркылуу таратып койдум. Ошондон бир жума өткөндөн кийин Улуттук илимдер академиясынан мага телефон чалып, Тажикстандан келген киши сизди издеп жүрөт, телефону бизде бар деп айтышты. Ал кишиге дароо телефон чалдым.

«Атым Исман, Тажикстандан келдим. «Манастын кабырына» бара албай жүргөнүӊүздү телевизордон уктум. Мен ошол жерден, ошол айылдан болом. Сизге жолугуп мүрзө тууралуу сүйлөшөйүн», - деп калды мени кубандырып. Эртеси жолуктук. Абдан сөзмөр, сыпаа киши экен. «Менин үйүмдөн ары ат менен төрт саатта жетебиз», - деди ишеничтүү.

Ошентип, эки күндөн кийин Исман аксакалдын коштоосунда операторум менен чогуу жөнөп кеттик. Чоң-Алай аркылуу Жерге-Талга өтүп, Сайран деген айылга бардык. Эртеси таңкы саат төрттө жолго чыгып, саат үчтөрдө Кара-Зоо жеген жердеги мүрзөгө жеттик. Жолу абдан татаал экен. Бийик тоо кыркаларындагы он беш чакырымдай машакат жолду басып өтүү өтө кыйын болду.

Жеткенден кийин адегенде мүрзөнүн жанына отуруп куран окудук. Айланып зыярат кылдык. Мында андан тышкары «Кароолго турган жигиттин бейити», «Көр казган кырк кыздын бейити» деген жерлер, «Манастын көлү» деген көл да бар экен. Асман тиреген Кара-Зоонун үстүндөгү «40 чилтенге» жакын бара албай, камерага алыстан тартып алдык. Исман аксакал бул мүрзөлөрдүн баарынын тарыхын айтып берди. Кара-Зоодо эки сааттай болуп, артка кайттык.

- Айылдагы башка аксакалдар менен да баарлашууга мүмкүнчүлүк болдубу?

- Албетте, айылга түшүп келгенден кийин карыялар менен жолугуштук. Согушка катышып, бир бутунан айрылган 95 жаштагы Касымбек аксакалдын да үйүнө бардык. Тарых мугалими болуп иштеген экен. Кыргыз тарыхына абдан кызыгып, көптөгөн тарыхый китептерди топтоп жүрүптүр.

Биз барган күнү айылга кире бериштеги тактада «Сайран» деген жазуу бар болчу. Үч күндөн кийин айылдан чыгып баратып карасак, тактада «Гүлбахар» деген жазуу пайда болуп калыптыр. Көрсө, айылдардын кыргыз тилиндеги аталыштары тажик тилинде атала баштаган маалда барып калган экенбиз.

- Сиздер барган айылдын «Сайран» деп аталышынын тарыхын элден сурагандырсыз?

- Ооба, Касымбек аксакалдан сурасам: «Биздин аталарыбыз, чоӊ аталарыбыз Манас бабабыз Каныкейди Бухарадан алып келатканда ушул жерге өргүп, сайран курган экен, ошондон улам айылыбыз «Сайран» деп аталып калган. Кийин Манас атабыз сөөгүмдү баягы сайран курган жерге алпарып жашыргын деген экен Каныкей энебизге. Каныкей энебиз баатырдын ыраазычылыгы менен сөөгүн ушул жерге көмгөнү тууралуу кулагыбызга куюп жүрүшкөн», - деп жооп берди 95 жаштагы карыя.

- Кара-Тегин өрөөнүндөгү кыргыздар сиздер көрүп келген мүрзөнү «Манастын кабыры» деп аташат. Бирок алардын бардыгы эле аны көргөн эмес. Ошондой бийик жерге оператор менен барып мүрзөнү тартып келгениӊиз абдан сооптуу иш болгон экен. Өз көзүңүз менен көрүп келген «Манастын кабыры» тууралуу дагы эмнелерди кошумчалап айта аласыз?

- 3500 метр бийиктиктеги жантыгыраак жерде экен. Узуну 17, туурасы 4 метр. Четине узун, жалпак таштар тигинен каз-катар орнотулуптур. Башка жактан алып келинген кыш же башка нерселер көзгө урунбады. Бийик жер болгону үчүн абдан катуу шамал согуп турду биз барган маалда.

- Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунда жашаган кыргыздар Манастын мүрзөсү бизде да бар деп айтып жүрүшөт. Бул маалыматты уккан болушуңуз керек?

- Ага деле экспедиция уюштурганбыз. Бирок зарыл иштер чыгып, мен барбай калганмын. Ошол кыргыздардан өсүп чыккан таанымал журналист Зулпукар Сапановдун коштоосунда бир нече тележурналистти атайын жөнөткөнбүз. Памирдеги Манаска байланышкан тарыхый жерлерди тартып келишкен.

- «Манастын кабырын» табууга жардамдашып, тарыхый маалыматтарды айтып берген жергеталдык Касымбек, Исман аксакалдар менен кийин деле байланышып турдуңузбу?

- Байланыш көпкө созулбады. Тилекке каршы, ал жерге барып келгенден кийин арадан көп өтпөй экөө тең каза болуп калышкан. Жакшылыктарын эч качан унутпаймын. Арбактары ыраазы болсун ылайым.

Аңгемелешкен: Мирзохалим КАРИМОВ

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG