Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасма тартылат


Жусуп Абдрахманов.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата анын бейнесине арналган көркөм тасманын сценарийине сынак жарыялады.

Анын мазмунунда улуттук, этностук, расалык, социалдык жана диний кастыкты козуткан окуялар камтылбашы зарыл.

Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасманын сценарийине сынак жарыялангандыгын Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Элвира Мамытова “Азаттыкка” билдирип, демилгенин максатына токтолду:

“Сынактын максаты - көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо жана атуулдардын арасында маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат. Сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчиси, 2021-жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынат. Экинчиси, 2021-жылдын 15-ноябрына чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан сынактын жеңүүчүсү аныкталат. Бирок азырынча комиссия түзүлө элек. Анын курамына кино тармагындагы белгилүү ишмерлер жана маданияттын өкүлдөрү кирет”.

Жусуп Абдрахманов эл менен жолугушууда.
Жусуп Абдрахманов эл менен жолугушууда.

Тарыхый баасын албаган ишмер

Жусуп Абдрахманов 1920-жылдардын акырында 1930-жылдардын башында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук республика макамын алышына өзгөчө салым кошкон.

СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан. Жусуп Абдрахманов өлкөнү жетектеп турган 1930-жылдары Казакстанда ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди сактап калган иш-аракеттери менен да белгилүү.

1937-жылдагы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмер тууралуу иликтөөлөр жана анын бейнесин ачуу аракеттери эгемендик алган жылдардан кийин башталган. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Абдрахманов өзүнүн татыктуу тарыхый баасын ала элек деген пикирде.

“Ал 19-кылымдын этегинде 20-кылымдын башында жаңы шартта кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүү миссиясын моюнуна алган мыкты жаш муундун өкүлү. Анын жанында идеологиясын колдогон Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков өңдүү ар тараптуу таланттуулар болгон. Алар курагы жактан жаш болгону менен, акыл-эс жактан эрте жетилип, кыргыз тарыхын мыкты түшүнүшкөн. Мамлекеттин башында турган элиталардын үч сапаты - акылы, абийири, жоопкерчилиги болууга тийиш. Бул сапаттар Адрахманов баштаган ошол муунда болгон. Ошондуктан кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен, мамлекетибиздин түптөлүп негизделишине салым кошуп, кыргыз улутунун гүлдөп, өнүгүшү жана келечек муун үчүн өздерүнүн өмүрүн арнашкан. Булар өз моюнуна артылган миссияларды татыктуу жана толук аткара алышты. Ал эми эгемендүүлүктү алгандан кийинки учурду карайлычы, кийинки муун отуз жылыбызды текке кетирдик”,-дейт тарыхчы жана коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

Кино ишмерлери эмне дейт?

Кыргыз кино тармагында буга чейин тарыхый инсандардын бейнеси чагылдырылып тартылган көркөм тасмаларга саресеп салып көрсөк, саналуу гана. Алар “Курманжан датка”, “Исхак Раззаков”, “Саякбай”, “Мезгил жана Алыкул” жана башка тасмалар.

Булардын ичинен "Курманжан датка" Кыргызстандын эң кымбатка тартылган жана кыргыз өкмөтү тарабынан буюртма берилген биринчи тарыхый тасмасы.

Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы 22-августта Монреаль кинофестивалында болгон. Ал Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясына сунушталган жана орусиялык "Ника" киносыйлыгына да көрсөтүлгөн.


"Курманжан датка" фильмин казак президенти Касым Жоомарт Токаев дагы жогору баалаганы бар. Аталган фильмди тарткан коомдук ишмер Садык Шер-Нияз мындай тасмаларды тартканда тарыхый окуяларга гана басым жасалбашы керек деген пикирде:

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

“Тарыхый эле иштерге басым жасай бергенде, ал кино кандайдыр бир узун академиялык тасма болуп, көп эл көрбөй коюшу мүмкүн. "Жарк" эткен эпизоддорду, чыгармачылык табылгаларды кошпосо да болбойт. Тарыхый жактан баары тастыкталып, эч бир тарыхчы кынтык таба албаган кино тартылышы мүмкүн, бирок көрүүчүлөрдү да эске алуу кажет. Ал эми чыгармачылык кино болгондон кийин, аны окуялар көркөмдөйт. Айрым диалогдорду, эпизоддорду эл талкууга алып, тамшанып айтып жүрө тургандай кино тартыла турган болсо, тасма менен кошо тарыхый инсандын да аты чыга баштайт. Эң негизгиси, жаңы табылгалар болушу керек”.

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров тарыхый инсандар тууралуу тасмалардын сценарийлери буга чейин четке кагылып келгенин айтат. Бирназаров коомго эмгек сиңирген инсандар тууралуу тасмалардагы улуттун өзөгүн сактоодогу маанисин белгиледи:

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

“Мурда тарыхый инсандар тууралуу тасмалардын сценарийлери сунушталып келген, бирок кабыл алынган эмес. Мисалы, азыркы учурда тартуу иштери башталган Сагымбай манасчы тууралуу тасманын сценарийи көп убакыт жатты. Ишенаалы Арабаев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма да (реж. Бекболот Айдаралиев) жети жылдай тартылбай турду. Ал дагы эми эле тартылып баштады. Биз эгемендүү мамлекет катары өзүбүздүн тарыхта ак эмгеги менен калган инсандарды тартып, алардын эмгегин жайылтуубуз керек. Ал биздей чыгармачыл адамдардын милдети. Биз аларды даңазалабасак, улут катары баалуулугубузду жоготуп алабыз”.

Буга чейин Жусуп Абдрахманов тууралуу толук метраждуу документалдык тасманы кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров тартып, 2019-жылы жарыкка чыгарган. Абдыжапаров алдыдагы көркөм тасма тууралуу талкуулоо али эртерээк деген пикирин айтты:

Эрнест Абдыжапаров.
Эрнест Абдыжапаров.

“Анткени, көзөмөлдөп турган Маданият министрлиги, Кинематография департаменти жана анын алдындагы коллегия бар. Ошондой эле “Кыргызфильм” киностудиясынын астындагы көркөм кеңеш турат, эң башкысы коомчулук деген бар. Анан ошолордун баары ортого салып, кандай болушу керек, кандай тартылышы керек, ким аткарышы керек деген маселени карап, чечимге келишет. Сценарий тандалгандан кийин да ошого жараша тартуу иши өнүгөт. Азыр болсо пикир айтат десе, баарыбыз ар түрдүү кеп айта беришибиз мүмкүн. Бул негизинен коомдук иш деп эсептейм”.


Эрнест Абдыжапаров тарткан документалдык тасманын сценарийи белгилүү журналист-илимпоз Бакыт Орунбековго таандык. Сценарий Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын көркөм кеңешинде жактырылып, кино тартканга уруксат берилген.

Орунбеков 2020-жылы жарыкка чыккан “Менин тагдырымдагы инсандар” аттуу китебинде эң алгач Жусуп Абдрахмановдун бейнесин кеңири баяндоо менен баштаган. Ал жакында жарыяланган Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм фильм үчүн сценарийлердин сынагына да катышууну көөдөп жатат:

Бакыт Орунбеков.
Бакыт Орунбеков.

“Жусуп Абдрахмановдун улуттук кызыкчылыктарды түшүндүрүүсү жана ачык коргоосу Москвада накта улутчулдук катары бааланган. Муну ал өзү да сезген. Бирок ойлогонунан артка кайткан эмес. Москвага, Сталинге, Борбордук комитетке каттарын кайра-кайра жаза берген. Бул эрктүүлүгүнүн белгиси. Кыргыздардын көз карандысыздыкка умтулуусуна, жадагалса бүгүнкү эгемен мамлекетте жашап жатканыбызга да Абдрахмановдун салымы зор. Тарыхка кылчайсак, ар бир элдин улуу жол башчылары, лидерлери болгон. Кыргыздарда ошондой мамлекеттүүлүктүн келечегин ойлогон лидерлик сапатка ээ адамдардын бири – Жусуп Абдрахманов. Эгерде азыркы бийлик башындагылар анын кылган иштерин, өмүр-таржымалын окуп-тааныганда кадамдарында өзгөрүү болмок”.

Жусуптун күндөлүгү жана ЮНЕСКО

Ушул жылдын 19-мартында президент Садыр Жапаров быйыл "Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койду. Мааракени уюштуруу комитети түзүлгөн эле. Кийин өкмөт Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн аталган уюмга кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алган. 2016-жылы Жусуп Абдрахмановдун сакталып калган күндөлүгүнүн айрым бөлүктөрү “Жусуп Абдрахманов. 1916. Күндөлүктөр. Сталинге кат” деген ат менен кыргыз тилине которулуп, китеп болуп басылып чыккан. Китепти которуу демилгесин анын жакындары көтөрүп, ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев колдоого алган.


Сценарийге таандык жоболор

Кинематография демартаменти жарыялаган сынактын жоболорунда сценарийлердин мазмунунда баңгизаттарды, курал-жарактарды пропагандалоо жана улуттук, этностук, расалык, социалдык жана диний кастыкты козуткан окуялар камтылбашы зарыл экени жазылган.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев мамлекеттик ишмер тууралуу тасмада анын мекенчилдиги, лидерлигин өзгөчө белгилеп, бейнеси туура ачып берүүгө чакырды:

Мурат Жетимишбаев.
Мурат Жетимишбаев.

"Абдрахмановду улутчул деп күнөөлөгөнгө болбойт. Ошол кездеги кыйын ишмерлерди ВКП(б)БКнын саясаты бири-бирине каршы койгон экен да. Бири-биринин үстүнөн кат жазып жүргөндөр кийин чогуу атылып да кетиптир. Аны окуп алып жүрөгүм ооруган. Аларды эми тартылчу тасмада бербей эле коюу керек. Анын билимдүүлүгүн, мекенчилдигин даңазаласак туура болот. Алгачкылардан болуп кыргыз мектебин ачканга аракет кылган. Эң чоң жетишкендиги – элди ачарчылыктан сактаганы. Эгер тасманын көркөмдүүлүгүн артырууну каалашса, Жусуп Абдрахмановдун сүйүүсүн да кошсо болот деп ойлойм. Анын 1927-жылдары Ленинграддан Кыргызстанга айдалып келген еврей кызы Мария Натансон менен бир нече жыл сүйүү романы болгон тура”.

Коомдук ишмер, адабиятчы Олжобай Шакир айрым факторлорду эске алып, эреже менен тасма тартмак тургай, Абдрахмановдун ишмердүүлүгүн терең ачкан тасма тартуу оңой иш эмес деп эсептейт:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

“Мамлекеттик буюртма болгондо көп учурда ушундай тарыхый адамдардын мааракесине арналып, спектаклдер, кинолор тартылып жүрбөйбү. Ушунун баары Орусиянын долбоору экенин кыргыз коомчулугу аңдабай жүрөт. Маселен, Шабдан баатыр тууралуу да бир кино тартыла турган болуп, Орусия тарап каржы жагынан колго алмай болуп, анан тартылбай калбады беле. Мына ушул себептерден улам Абдрахманов тууралуу тартылчу тасмага деле күмөн санайм. Жусуп Абдрахмановдун портретин ачуу - кыргыз саясатындагы "Алиппе" боло турган эмгек. Анын күндөлүктөрүн окуганда эле ушунчалык чынчыл, элдин кулк-мүнөзүн түшүнгөн адам экенин аңдайбыз. Анан ошол инсанды паска түшүрүп коё турган чочулоо болуп атат менде. Себеби, бир учурда Раззаков тууралуу спектакль коюлган эле. (Жазуучу Султан Раев сценарийин жазган) Ошондо аны бийликке таарынган, мансапкордун психологиясына ээ бир пенде кылып коюшкан да. Жусуп тууралуу да ошондой болуп калбаса дейм. Биз ушундай чайкоочулук жасаганды үйрөнүп алдык. Манас, Айтматов өңдүү улуу ысымдарды да мамлекеттик маданий программа катары көрсөтөбүз деп, улуулугунан тайдырып, пендечиликке түшүрүп коюп атабыз”.


Олжобай Шакир Абдрахмановдун феномени – өлүмгө тике карай алган эрктүү экенин кошумчалады:

“Жусуп Москванын буйруктарынын баарын эле баш ийип аткарган эмес. Ал сынчыл көз караштагы мамлекеттик ишмер, орус падышачылыгынын айыбын ачканда орустун да, кыргыздын да кемчилигин бирдей ачыктайт. Доклад жазганда да кош тилде бирдей жазган сабаттуулугу, логикасы мыкты, мамлекеттүүлүк деген түшүнүгү терең. Кыскасы анда даанышмандык бар”.

Абдрахманов тууралуу тасмага сценарий жазып жеңүүчү болгондорго Маданият министрлиги тарабынан байге каралган. Жеңүүчүлөр сценарийдин негизинде көркөм фильм тартуу үчүн автордук укуктарын аталган мекемеге өткөрүп беришет.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. Ал 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG