Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма кинотеатрларда көрсөтүлө баштады


Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган толук метраждуу даректүү тасма 3-октябрдан тартып Кыргызстандагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлөт.

2018-жылы «Аскар Салымбековдун фонду» режиссёрлор арасында сынак жарыялап, Эрнест Абдыжапаров фильмди тартуу укугун утуп алган. Уюштуруучулар тасмага 40 миң доллар сарпталганын айтышты. Башкы каармандын образын актёр Болот Тентимишов жаратты.

- Алты ай бою Кыргызстандан тышкары, Москвадан, Ташкенттен, Алматыдан бери тарыхый материалдарды чогулттук. Туугандарынан да маалыматтарды алдык, - деди Абдыжапаров.

Тасманын сценарийин таанымал журналист, публицист Бакыт Орунбеков жазып, жабык бет ачары июлда болгон. Айрым киносынчылар фильмде кадр сыртындагы тексттерди окуганда каталар байкалганын айтышкан. Текстти режиссёр өзү окуган.

Жусуп Абдрахманов 1930-жылдары азык-түлүк планын аткаруудан республиканы сактап калган. Бул ошол кездеги башка республикаларда болгон ачкачылыктын алдын алган. Ал Казакстанда ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди сактап калган иш-аракеттери менен да белгилүү. Сталинге жазган каттарында Кыргыз АССРин союздук республикага айлантуу зарыл экенин белгилеген.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири «контрреволюциячыл жана улутчул» деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен.

XS
SM
MD
LG