Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары болот


Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

Бүгүн Бишкекте совет доорунда репрессия болгон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган толук метраждуу даректүү тасманын бет ачары болот.

Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун «Азаттыкка» айтканы боюнча, Абдрахманов тууралуу материалдар дээрлик бир жылга чукул убакыттан бери Орусияннын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын архивдеринен алынды. Анын сценарийин Бакыт Орунбеков жазган.

Тасма жалпы көрүүчүлөргө 29-июнда көрсөтүлө баштайт.

Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук республика макамын алышына өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан.

1930-жылдары ал жапырт ачарчылыкка дуушар кыла турган иш пландарына Кыргызстанды киргизбей коюуга жетишкен. Кийин Казакстанда ошондой ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди сактап калган иш-аракеттери менен да белгилүү. Жусуп Абдрахманов «контрреволюциячыл жана улутчул» деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG