Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Жусуп Абдрахмановго Кыргыз эл баатыры наамын берүү сунушталды


Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров совет доорунда репрессияланган мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам берүүнү сунуш кылды.

Анын айтымында, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана чыңдалышына зор салым кошкон ишмер мындай бийик наамга татыктуу. Депутат Жусуп Абдрахмановго бийик наам берүүдөн тышкары анын ысымын Бишкектеги райондордун бирине жана президентке караштуу Башкаруу академиясына ыйгаруу зарыл экенин белгиледи.

Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук жумурият макамын алышына өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан.

1930-жылдары ал жапырт ачарчылыкка дуушар кыла турган иш пландарына Кыргызстанды киргизбей коюуга жетишкен. Кийин Казакстанда ошондой ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди сактап калган иш-аракеттери менен да белгилүү. Жусуп Абдрахманов "контрреволюциячыл жана улутчул" деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG