Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

"Коррупция илим тармагын да чырмап алды"


Лайли Үкүбаева, филология илимдеринин доктору, профессор.

Кыргызстанда он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясынын жаңы академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү да шайланды. Шайлоо бул тармакка болгон коомдогу сын-пикирлерди күчөттү. Илим эски система менен калып, өнүгүү жок деп сындагандар болууда.

Ошол эле маалда шайлоо тааныш-билиш менен өттү дегендер бар. Адабият багыты боюнча корреспондент-мүчөлүккө ат салышкан филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева менен Кыргызстандагы илимий чөйрөнүн азыркы дарамети, мамлекеттин жана коомдун илимге мамилеси тууралуу маектештик.

- Улуттук илимдер академиясында жаңы академиктер менен мүчө- корреспонденттерди шайлоо өттү. Бул мурдагы Советтер Союзунан бери келаткан система эмеспи.

- Ооба, ошондой.

-Илимпоздор арасында иерархия жараткан мындай система, наамдарды таратуу азыркы заманда илимдин өнүгүшүнө салым кошо алабы?

-Аябай укмуштуудай салым кошот деп эсептебейм. Себеби, чет өлкөлөрдө мындай салт жок. Бул совет мезгилинен калган салттуу процедура болуп калган. Советтер Союзунун маалында абдан маанилүү болчу. Анткени, илимдин улам жаңы бийиктигине умтулуш үчүн бул окумуштууларга стимул, мотивация бериш үчүн жасалган иш болчу. Корреспондент-мүчөсү болом, академик деген илимдин эң туу чокусу, ошого чейин жетейин деген стимулдар эле. Ошого жараша жаштар, окумуштуулар белгилүү бир илимий жыйынтыктар үчүн аракет жасап иштечү.

- Азыр кандай?

- Ошол эле маанисинде кабыл алып жатабыз. Инерттүү түрдө совет мезгилиндегидей кабыл алып жатабыз. Бирок илимдин бардык тармактарына мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калгандан кийин муну алып салса деле, эч кандай жоготуу деле болбойт же бир ийгиликтер жаралып кетпейт. Илимде жүргөн окумуштуулар ал наамдарга деле карабай иштей беришет.

- Анда эмне УИА мындай натыйжасыз системадан баш тартпай келатат?

- Муну реформалаш керек да. Биз азыр жаңы нерселерге умтулалы, дүйнөлүк мейкиндикке кирели деп жатабыз. Ошондуктан дүйнөлүк илим менен ат салышууга багыт ала турган болсок, буларды кайра карап, түп-тамырынан системаны, илимдин багытын өзгөртүү керек. Бүгүнкү күнгө чейин УИА уктап эле жатат.

- Окумуштуу, илимпоздор арасында системаны өзгөртөлү деген кыймыл, чакырыктар барбы?

- Жок. Мен 2010-жылдагы ушул шайлоого катышкам. Азыр дагы катышып жатам. Шайлоону мындай системада, мындай форматта жүргүзүү такыр туура эмес. Мага таптакыр жаккан жок. Бүгүн адамдык фактордон алыстайлы, санариптештирүү деп жатабыз. Демек, адам факторун жолотпой эле өткөрсө болот. Маселен, сынак жарыяланып, орундар белгилүү болгондон кийин ким ошого татыктуумун десе, документтерин электрондук түрдө комиссияга жөнөтүшү керек. Биринчи кезекте академия таптак критерийлерин иштеп чыгышы зарыл. Корреспондент-мүчөгө мындай талап, академикке мындай талап менен өтөт деш керек. Анан ошондон кийин келген документтердин эксперттик комиссия иштеп чыгып, рейтингин чыгарып, сунушташ керек. Аны электрондук почталар аркылуу жөнөтүп, ким өткөнүн дагы сайт аркылуу эле коюп коюш керек. Азыр совет доорунан дагы жаман. Документ тапшырган адам бардык академик, корреспондент-мүчөлөрдүн баарына барып, алар менен сүйлөшүп, мамиле түзүп, аларга жагынууга аракет кылып, кыскасы, адамды абдан басмырлаган өнөкөт оору экен. Мага аябай жаккан жок.

- Эгемендик алгандан бери 30 жыл өтүптүр. Ушул корреспондент-мүчө, академик болбой калып, инсульт алып, инфаркт болуп, өлүмгө тете маселе болгонун биз Көчкөн Сактанов сыяктуу жазуучулардын чыгармаларынан окуп калдык да. Биз эгемендик жылдары торолгон муунбуз. Анан азыр деле ошондойбу деген суроолор шайлоодон кийин кайра талкууланууда. Илимде коррупция, байлыгы, бийлиги барларга тартмай адат канчалык?

- Адат бар! Эгер жүрөгү начар киши болсо эмоцияга берилип кетип, өзүң айткандай инфаркт да болуп калышы ыктымал. Анткени, акыйкат чечилбегенден кийин жанагындай коррупциянын гүлдөп турганын көрөт. Коррупция десе эле биз акча алган, пара алгандарды айтып жатпайбызбы. Ал эми бул илимдин коррупциясы дагы өзүнчө башкача. Таптакыр көрсөткүчтөрү жок адамдар, сенин көрсөткүчүң андан жогору болуп турса, сен өтпөй, шайлоодо экинчи оппонентиң өтүп кетет. Мисалы, мен өзүм ушундай болдум. Мен азыркы вице-премьер Жылдыз Бакашева менен оппонент элем. Бардык көрсөткүчтөрүм андан эки-үч эсе жогору. Анткени, 2010-жылы эле мен татыктуумун деп тапшыргам да. Андан бери 11 жыл өттү. Албетте, текей терип жүргөнүм жок. Дагы илим жолунда издендим, жаш окмуштууларды жетилттим. Менин оппонентимдин андай көрсөткүчтөрү жок. Ошондойлорду ким өткөрөт? Урматтуу биз сыйлаган академиктерибиз, профессорлорубуз.

- Бийлиги, байлыгы барларга мындай наамдын эмне кереги бар? Чоң жетекчи кызматтарда жүрүшсө, чыныгы илим менен иштегенге убактысы деле болбойт го деп да суроо койгондор болуп жатат.

-Туура, убакыт жок да. Мындайга ошол эле Орусияда тыюу салынган. Эгерде чиновник болосуңбу, мамлекеттик кызматта иште. Илим менен алектенгенге убактың болбойт. Илимди приоритет катары эсептейсиңби, анда илимге бар. Ошондой шарт менен бүт чиновниктердин баарын кызматтан алып, илимге кетебиз дегенин илимге кетирген. Бизде кандай? Бизде чиновник болуунун экинчи бир пайдакечтик жагы - илимден бир нерсе алып, ошондон дагы кирди-чыкты нерсеси менен пайдаланып калайын дейт.

- Дүйнөдө илим өтө өнүгүп жатат. УИАда шайлоо болуп жатканда социалдык медиада кызуу талкуулар жүрүп жатты. Азыр кыргызстандык илимпоздор эмне иш кылып жатат? Кыргызстанда илим деңгээли өтө төмөн дегендерге жообуңуз кандай?

- Таптакыр илим жок деп айтууга болбойт. Ошол бүт өмүрүн сайып, мүмкүн болушунча жаны приоритеттүү багыттарды иштеп, кандайдыр бир коомдун өнүгүшүнө салымдарын кошоюн деген, конкреттүү табигый, гуманитардык илимдер боюнча максаттуу иштеп жаткан илимий топтор бар. Аларды жокко чыгарбаш керек. Отура калып эле илим жазбайсың да. Аны канчалык практикалык, лабораториялык иштер, тажырыйбаларды жасап, командировкаларга чыгыш керек. Ошолордун бардыгына каржы жок болуп калбадыбы. Ошондон улам бүгүнкү күндө илим аксап турат.

- Азыр өнүгүү тууралуу сөз кылганда, саясаттын айлампасынан чыга албай жатпайбызбы. Мунун өзү илимдин таасири өтө төмөн экени, коомдун, экономиканын өнүгүшүнө көмөк көрсөтө албай жатканын көрсөтөбү? Айтып жатпайсызбы, илимдеги системанын өзү советтик түзүмдөн чыга албай жатканын.

- Ооба, абдан ойлонуп туруп, өзгөрүүлөргө барышыбыз керек. Алдыңкы көз караштагы жаштар менен тажрыйбалуу муундар ортосундагы байланыштарды түзүп, Кыргызстан үчүн кайсыл багыттагы илимдерге муктаждык болуп жатат деп, приоритеттерди аныктап алып, ошого каржы бөлүп, максаттуу аракеттерди жасап, натыйжа алышыбыз керек да. Тилекке каршы, ушул иш болбой жатат. Айталы, социология илими бизде жок болуп калды. Кайсыл тармак болсо деле айтсак болот. Биз агрардык тармак болгон менен бул багыттагы илим токтоп калган. Агрардык, метерологиялык, биологиялык багыттагы адистерди келечекте даярдаганга көңүл бөлгөн киши жок. Азыркы адистер картайып, көзү өтүп кетсе, ордун баскан киши жок. Мамлекет маани бербегенден кийин бул кесиптерге окугандар жок болуп калды. Аспиранттар жок.

- Мамлекеттик саясат чар-жайыт дегенди айтып жатасыз да.

- Чар-жайыт эмес, бул боюнча мамлекеттин саясаты да жок. Мына, медицинада пандемиядан кийин вирусолог жок деп ойлоно баштадык. Ага чейин эч кимдин башы ооруган эмес. Билим берүүнүн сапаты жылдан-жылга начарлап баратат. 30 жыл ичинде дипломдорду сатып олтуруп, "дипломдуу сабатсыз кадрларды" чыгарып калдык. Билим берүүнү түп-тамырынан реформалоо керек. Кичине башын көтөрүп, бирдеме билген балдар чет өлкөлөргө кетип калууда. Азыркы маалда чиновниктин баласы чиновник болуп калды. Сот, прокурордун балдары дагы ошондой экен. Мисалы, мен Ошко сага баламды ишке ал деп жиберем, сен балаңды мага Нарынга жибересиң, кызматка алам. Анда-санда гана өз алдынча келип иштегендер болбосо, бул чычкан өткүс болуп калган. Бул система болуп калган. Эми илимде дагы ушундай коррупция болуп жатат. Ушундай коомдогу терс көрүнүштөрдүн баары кишилердин көңүлүн ирээнжитип, бийлик алмашса деле, сазга баткан бойдон турганын көрсөтөт.

Илимпоздорду шайлоодогу интрига
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:12 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG