Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Илимпоздорду шайлоо: интрига жана өксүк


Илимпоздорду шайлоодогу интрига
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:12 0:00

Илимпоздорду шайлоодогу интрига

Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо алдында интрига күчөдү.

Илимий жогорку наамдарга ат салышып жаткандардын катарында министрлер, Баш мыйзам долбоорун жазган окумуштуулар да бар.

Ар кандай себептерден улам 11 жылдан бери өтпөй келген бул шайлоо быйыл 5-августка белгиленип, ага 127 талапкерден арыз түшкөн.

Академиянын президенти Мурат Жуматаев билдиргендей, төрт жыл сайын жарыяланып турчу шайлоо буга чейин эки жолу өтпөй калган. Бул аралыкта 10 жылдан ашык убакыттан бери академияда илимий наам үчүн бош орундар көбөйгөн.

Учурда академиктер үчүн бөлүнгөн жалпы 45 орундун 16сы бош турат, ал эми корреспондент-мүчөлөрдүн саны 70 болушу керек болсо, анын 36сы шайлана элек.

"Бизге шайлоого катышуу үчүн негизги үч критерийге эле жооп бериши керек. Корреспондент-мүчөлүккө талапкерлер илимдин доктору, профессору жана профессионалдык түрдө илим менен алектенген инсандар болушу абзел. Жазган эмгектери, тарбиялаган кадрлары, өзү даярдаган илимдин кандидаттары жана докторлору көп болсо, алар атаандаштарынын арасынан алдыңкы орундарга чыгат. Эгер окумуштуу катары эч нерсеси жок болсо акыркы орунда калат. Сынак эки айлампа менен өтөт. Алгач Улуттук илимдер академиясындагы тармактык бөлүмдөрдө өтүп, ар бир багыт боюнча талапкерлердин арасынан бирден гана адам тандалат. Мисалы, сегиз талапкер болсо алардын бирөө гана өтүшү керек. Ар бир тармактык бөлүмдөн өткөн бирден талапкер УИАнын жалпы чогулушунда академиянын академиктери менен корреспондент-мүчөлөрүнөн турган 63 шайлоочунун үчтөн эки добушуна ээ болушу шарт. Талапкер тиешелүү санда добуш албаса өтпөй калат", - деди Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев.

Эреже боюнча талапкерлигин окумуштуулар өздөрү же алар эмгектенген жогорку окуу жайлар, илимий уюмдар көрсөтсө болот.

Академиянын президенти айрым багыттар боюнча жалгыз талапкер болсо, кээ бир тармактарда бир орунга сегиз адам ат салышып жатканын кошумчалады.

Жуматаев ошол эле убакта пандемия маалында вирусология сымал айрым илимий багыттар боюнча академик жана корреспондент-мүчөлүккө талапкер болчу профессор, докторлор жок экенин айтты:

“Академиктер корреспондент-мүчөлөрдөн шайланат, ал эми корреспондент-мүчөлөр академиянын профессор, докторлорунан тандалат. Бирок илимий багыттар жок болсо шайлай албайбыз. Мисалы, азыр эпидемия маалында бул багыттагы окумуштуу, адистер туурасында көп айтылып жатпайбы. Биз ушул багытта сынак жарыялайлы десек дипломунда вирусолог, эпидемиолог деп жазылган бир да илимдин доктору жок экен. Ошондуктан ал багыттар боюнча шайлоо өтпөйт. Ошондой болсо да биз, эпидемия менен алектенгендер талапкерлигин берсин деп жакындаштырып сынак жарыяладык”, - деди Жуматаев.

Улуттук илимдер академиясы шайлоодо коомчулуктун пикирин эске алуу максатында талапкерлердин ысымдарын жарыялаган.

Ага Кыргызстандын вице-премьер-министри Жылдыз Бакашова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, белгилүү дарыгерлер Мадемин Каратаев, Талантбек Өмүрбеков, Камчыбек Узакбаев, Медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова, Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы директору Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин, президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси, юрист-окумуштуу Бекбосун Бөрүбашев жана буга чейин ал жетектеген Конституциялык кеңешменин бир нече мүчөсү бар.

Бийликке жакын адамдардын, Баш мыйзамдын долбоорун жазган окумуштуулардын илимий наамга көрсөтүлүп жатканы коомчулукта талкуу жаратты.

Корреспондент-мүчөлүк наам үчүн сынакка катышып жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү Каныбек Осмоналиев корреспондент-мүчөлөргө мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдик каралбаганына капа. ​

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

“Мен да окуп, угуп жатам. Бирок, айланайындар окумуштуулардын азыркы абалы кандай экени баарына белгилүү да. Президент Конституциялык кеңешмеге чогултканда көпчүлүк окумуштууларды, академиктерди тартууга аракет кылган. "Мен сени академик же корреспондент-мүчө кылам" деп сөз берген эмес. Аракет кылган. Анткени Конституциянын өзү илимий негизде Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу кыргыз тилинде жазылып жатпайбы”.

Коомчулуктун талкуусуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын талапкерлиги да кабылды.

Ал филология илимдеринин доктору, профессор - адабият багыты боюнча корреспондент-мүчөлүккө ат салышып жатат. Анын атаандашы белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор, илимий окуу-усулдук китептердин автору Лайли Үкүбаева.

Лайли Үкүбаева илимдеги 50 жылдык ишмердигинде Кыргызстан эле эмес башка өлкөлөрдөн да 20га жакын илимдин докторун жана кандидатын даярдаган.

“Менин оппонентим өзүмдүн эле студентим. Өзүм окуткам. Кандидаттык ишинде да катышыбыз болгон. Өткөндө маек бергенде кескин пикиримди айтсам, "атаандашка сын айттың" деген пикирлер болду. Менин айткан себебим, ал кандидат, доктор болду. Бирок окумуштуу боло алган жок. Илимий чөйрөдө эмгектери жетишпейт. Ал кыз дагы бир топ иштеп, эмгектениши керек деген ойдомун”, - деди филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова профессорлук үчүн документтерин өкмөт мүчөлүгүнө келгенге чейин эле даярдаганын, профессорлук наамды алуу убактысы кызматта турган учурга туш келгенин айтып, окумуштуу катары ишмердигин активдүү жүргүзүп келгенин билдирди.

Жылдыз Бакашова.
Жылдыз Бакашова.

“Окумуштуу катары дүйнөнүн 160 шаарында өткөн илимий конференцияларда, конгресстерде илимий докладдар менен чыгып сүйлөгөм. Илимий эмгектерим чет өлкөлөрдө абройлуу илимий журналдарда англис, орус тилдеринде жарыяланып келет. Окуу-усулдук, монография, бир нече энциклопедиялардын да авторлорунун катарындамын. Ондогон илимий эмгектерим бар. Кыргызстанда акыркы 15 жыл ичинде 15 500дөн ашык эл аралык, республикалык масштабдагы илимий, маданий иш-чараларды уюштуруп, ошолордун бардыгында доклад менен чыгып сүйлөп жүрдүм. Менин жетекчилигим менен үч кандидаттык диссертация корголду, бир докторлук диссертация азыр коргоонун алдында турат. Көптөгөн докторлук, кандидаттык диссертацияларга расмий оппонент болдум. Он жылдан ашык Казакстандын Аль-Фараби атындагы мамлекеттик университетинде, Казак улуттук илимдер академиясында докторлук-диссертациялык кеңештин мүчөсү болдум”.

Техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов Кыргызстанда илимий наамдарды ыйгарууда мүчүлүштүктөр бар деген пикирде. Ал наамдар өз чөйрөсүндө ачылыш жасаган, улуттук чоң долбоорлорду ишке ашырган, өлкөнү өнүктүрүүгө идея берген окумуштууларга берилиши керек деген ойду карманат.

Манас Саматов.
Манас Саматов.

“Ошол эле ирригация тармагын санариптештирүү боюнча же өз багытында улуттук программа иштеп чыгышы керек деп өкмөттөн буйрутма болушу керек. Аны негизи дүйнө жүзүндө консалтинг компаниялар жасайт. Тендерге катышат, жеңип алгандар ушул ишти аткара берет. Биздин илимдер академиябызды ошондой иштегенге ылайыкташтырып реформа жасаса болмок. Бирок бүгүнкү академияны реформа кылыш кыйын. Өтө кыйын азыр. Себеби ал жердеги академиктер жалаң эски кишилер. Алардын эмнесин реформа кылабыз? 30 жылдан бери суурулуп чыгып, элге кызмат көрсөткөн бир дагы окумуштууну көрө элекмин”.

Ошол эле убакта Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти, түркология илиминин доктору Нурдин Усеев жаштар арасында илимий иш менен алектенгендер аз экенине токтолду.

“Мен өзүм эмгектенген тармакты эле алайын, байыркы кыргыз-түрк жазууларын изилдеп Энесай, Монголияга экспедицияга барышым керек. Ал эми жергиликтүү жогорку окуу жайларда мындай мүмкүнчүлүк жок. Анчалык көп акча коробойт деген тил илими, гуманитардык илимдерге да акча керек. Илимпоз илимий конференцияларга барышы керек. Керектүү китеп, басылмаларды сатып алышы керек. Ал эми так илимдер менен алектенген илимий кызматкерлерде такыр эле шарт жок. Бир эле лабораторияга 1 миллион доллар керек. Ошондуктан Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда билим берүү менен чектелген эски система уланып келет. Мен иштеген окуу жайда илимдеги адамдар үчүн убактысынын жарымын билим берүүгө, жарымын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарт түзүлгөн. Жергиликтүү башка чоң окуу жайларда да ушундай мүмкүнчүлүк болсо бул тармак өнүкмөк деген ойдомун”, - деди Усеев.

Улуттук илимдер академиясынын маалыматына караганда, буга чейин академиктерге жана корреспондент-мүчөлөргө ай сайын берилип келген 150-200 АКШ долларынын тегерегиндеги стипендия жоюлган. Мекемеде жүргүзүлгөн реформанын алкагында 2019-жылдан бери, академиянын курамындагы 26 институттун жетөө жоюлуп, 1,5 миң кызматкер калган. Алардын ичинен 324ү илимдин кандидаты жана 165и илимдин доктору.

Учурда Улуттук илимдер академиясында Илгиз Айтматов, мурдагы президент Аскар Акаев, адабият таануучу Абдылдажан Акматалиев, окумуштуу, Жогорку Кеңештин экс-спикерлери Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев, белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков, экономист Турар Койчиев, хирургдар Мамбет Мамакеев жана Миталип Мамытов, скульптор Тургунбай Садыков, оптика жана голографика боюнча окумуштуу, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев баштаган 29 академик бар.

  • 16x9 Image

    Кундуз Азарбекова

    Кундуз Азарбекова "Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасынын продюсери. Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүндө окуган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG