Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Бөрүбашев: Парламент базаркомдор менен банкирлердин өкүлчүлүгү болуп калды (видео)


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Кыргызстанда парламенттик башкаруу элдин үмүтүн актаган жок.

Мындай пикирин Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди. Ал президенттик башкаруу менен парламенттик башкаруунун айырмасы, мамлекетке пайда-зыяны тууралуу айтып жатып, партиялык система менен түзүлгөн парламент элдин үмүтүн актаган жок деп билдирди:

“Парламенттик башкаруунун негизги өзөгүн саясий партиялар түзөт. Бирок азыр бизде саясий партиялардын абалын көрүп жатасыздар. Айрым партиялар бизнес борбор, парламент өзү базаркомдор менен банкирлердин өкүлчүлүгү болуп калды”, - деди Бөрүбашев.

Ал программага катышып жаткан саясатчы Исмаил Исаковдун сынына жооп берип жатып, быйыл 10-январда өткөн референдумдагы элдин каалоосун унутууга мүмкүн эмес экенин эскертти. Ал референдумда добуш бергендердин 80% президенттик башкарууну тандаганын кошумчалады.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды.
Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.
Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

3-мартта парламенттин жыйынында референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш, сын менен коштолгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG