Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Исаков: Конституция шермендечилик менен алмаштырылып жатат


Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун кабыл алынышы – легитимсиз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаилов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди:

“Мен президенттик башкарууну колдоп келгем. Буга чейин канча Конституцияны талкуулап, сунуш берип, кабыл алгандардын, каршы болгондордун да арасында болгом. Бирок бул жолу Конституцияны алмаштыруу шермендечилик жол менен өтүп жатат. Көзү өтүп кеткен, мандатын тапшырган, учурда түрмөдө отурган депутаттардын да колу турат”.

Исмаил Исаков азыркы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштап, кабыл алып жаткан парламент өзү легитимсиз экенин кошумчалады. Анын пикири боюнча азыркы чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү былтыр октябрда бүткөн.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.
Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

3-мартта парламенттин жыйынында референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш, сын-пикир менен коштолду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG