Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Булактар: Өзбек президентинин күйөө баласы жол кырсыгына кабылып, Түштүк Кореяда дарыланууда


Отабек Умаров
Отабек Умаров

Өзбекстан өкмөтүнө жана президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактардын айтымында, Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы 13-февралда болгон жол кырсыгында оор жаракат алып, ушу тапта Түштүк Кореяда дарыланууда.

Маалыматка караганда мамлекет башчынын Коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары Отабек Умаров мындан жыйырма күн мурда Ташкентте болгон автокырсыктын маалында бутунан жана башынан жаракат алып, кыймылдай албай калган.

"Озодлик" радиосунун булактары ошондой эле президент ошол окуяга байланыштуу өзүнүн Коопсуздук кызматынын айрым мүчөлөрүнүн үстүнөн иликтөө жүргүзүүнү тапшырганын билдиришти.

Ошол маалда Умаровдун жанында жүргөн “спортчулар” деген бир нече кишини да текшерип жатышат. Ага таандык бизнестин бир бөлүгү болгон Ташкенттеги кеңсенин жана спорт залдын эшиктерин тартип коргоочулар жаап, мөөрлөп чаптап кетишти.

Булактардын айтымында, 36 жаштагы Отабек Умаров жана “спортчулар” Өзбекстандын башкалаасында дайыма ылдам жүрүүчү автомашианалардын жарышын уюштуруп, “жолдо кооптуу кырдаал түзүшчү”.

Отабек былтыр жайында Ташкенттин борбордук көчөлөрүнүн биринде машинесин саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан тасмасы Интернетке тарагандан кийин көпчүлүктүн көзүнө түшкөн. «Азаттыктын» өзбек кызматынын жаңылыгынан соң президенттин күйөө баласы бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөгөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG