Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Мирзиёевдин тили тийсе да «тиши өтпөгөн» аким


Шухрат Ганиев.
Шухрат Ганиев.

Фергананын жетекчисин кызматтан кетүүгө чакырган Сохтун жарандары кармалды.

Алар алмашкыс аким Шухрат Ганиевден жапа чеккен биринчи өзбекстандыктар эмес. Жосунсуз жоруктары улам ашкереленгенине карабастан орой аткаминер кызматынан кылт эте элек.

Өзбекстандык блогер Дадахон Хайдаров 2-сентябрда эркиндикке чыкты. Ал Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевдин кызматтан кетишин талап кылган видео кайрылуусунан кийин 22-августта кармалган. 22деги блогер Ганиевдин каарына калып, жазасын тарткандардын алгачкысы эмес.

Дадахон Хайдаров.
Дадахон Хайдаров.

Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды башкара баштагандан бери эле бийлик системасын реформалоонун, карапайым калктын укугун урматтоонун зарылдыгы тууралуу кеп кылып келатат. Ошол эле учурда Фергананын акиминин этикага жатпаган, орой жоруктары улам ашкереленүүдө. Бул үчүн аткаминерге кандайдыр чара көрүлө элек.

52 жаштагы Шухрат Ганиев Баткенге чектеш Фергана облусун 2011-жылдан бери башкарат. Демек, кызматтан кызматка көтөрүлгөн учуру маркум Ислам Каримовдун мезгилине туура келет. Анын атын чыгарган акыркы маселе Сох чуусуна байланыштуу.

Сохтогу ташбараң

Сох - Өзбекстандын Кыргызстандын ичиндеги анклавы. Калкынын басымдуу бөлүгү тажиктер. Анклав Фергана облусуна карап, ага ылайык Ганиевдин көзөмөлүндө.

Сохтогу жаңжал. 31-май, 2020-жыл.
Сохтогу жаңжал. 31-май, 2020-жыл.

31-майда бул аймакта кыргызстандыктар менен булак талаштын айынан чыр чыккан. Анда ондогон адам жаракат алып, бир нече турак жай өрттөлгөн. Ошондо Шухрат Ганиев Сохко келип эл менен жолугушкан учурда кагылышуу болуп кетти.

Буга аткаминердин нааразылык билдирип көчөгө чыккан элге кылган өктөмдүгү негиз болгон. Ал «беш мүнөттө үйүңөргө кирип кеткиле, болбосо мен кайтып барып Кадамжайдан жолду жабам» деген эле. Андан тышкары ачыкка чыгып кеткен аудиодо үнү Ганиевдикине окшош адам «чыр-чатактуу айылдарды Сохтун картасынан чийип салабыз» деп жатат. Мына ушундай мамилесинен улам анклавдын эли аны аскерлер калкалап турганына карабай таш бараңга алган.

Эртеси анклавга премьер-министр Абдулла Арипов келгенде да жергиликтүү тургундар Ганиевдин жоруктарын тизмелеп, арызданышкан. Арипов жаңжалга аралашкан айылдыктар жазага тартылбай турганын айткан. Бирок эки күн өтпөй Фергананын акимин мактап, ал эми бир кыйла убакыттан кийин сохтуктар четинен жазалана баштады.

Алардын бири - аким Ганиевдин кызматтан кетишин талап кылып видеоблог тарткан Дадахон Хайдаров. Популярдуу блогер Сохтогу маселелерди тизмектеп, башка тургундар да аны колдоого алышкан эле.

22-24-август аралыгында «бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөткөн, жапырт башаламандыкка катышкан» деп Сохтун он чакты тургуну кармалды. Алардын арасында Хайдаров да бар болчу.

25-августта Башкы прокуратура алардын алтооно айыбы угузулганын билдирген. Хайдаров алардын арасында жок болуп чыкты.

«Ташлактан чыккан арамдар»

Акыркы үч жылдан бери Ганиевдин адепсиз жүрүм-туруму ачыкка чыгып эле келатат. 2018-жылдын 18-январында Казакстанда Орусияга бараткан автобус өрттөнгөн. Анда 52 өзбек мигранты мерт болгон. Алардын үчтөн бири Фергананын Ташлак районунун тургундары болчу.

Президент Шавкат Мирзиёев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жумушсуздуктун айынан өзбек жарандары сыртка кетүүгө аргасыз болгонуна кейиген. Андан үч күн өтпөй, 23-январда облус жетекчиси Ганиевдин «Ташлактан чыккан беш-алты арам бар. Арамды арам дейт» деп сөгүп атканын кимдир-бирөө диктофонго жаздырып, Интернетке таратып жиберген. Ошол эле аудиодо Ганиев ташлактыктардын ажыга барышына тыюу саларын айтып коркутканы да бар.

Ал эми 2019-жылдын 22-майында обладминистрациянын жыйынында салыкчыларды каарып аткан аудиосу «Азаттыктын» өзбек кызматына келип түшкөн. Ганиев инспекторлорго эмнеге ачууланганы түшүнүксүз, бирок «саткын» деп тилдеп, «ичегилерин сууруп алып башыңа ороп коём» деп опурулган.

Мирзиёевдин каары жана сыйы

Ушундан соң август айында президент Шавкат Мирзиёев акимди инфратүзүмдүк маселелер боюнча катуу сынга алган:

«Мырза Ганиев, Рузиев, экөөң кыянатчысыңар! Силер менен эч качан чоң иштердин өтөөсүнө чыга албайбыз. Анткени силерге тапшырма бериштен коркот, адам. Билимиң жок, илимиң жок. Китеп окубайсың, президенттин жарлыгын окубайсың!»

Шавкат Мирзёев.
Шавкат Мирзёев.

Деген менен андан бир ай өтпөй Мирзиёев Ганиевди «Мээнет даңкы» ордени менен сыйлаган. Андан кийин да, сентябрь айында Ганиев сакал койгондорго, хижаб кийгендерге ачуу сөз айтып, ал да Интернетке тараган. «Ошол жоолугуңарды оозуңарга тыгам» деген орой сөзү үчүн аткаминерге карата парламенттин Этика комитети иликтөө жүргүзгөн. Анткени Ганиев Сенаттын да мүчөсү.

Комиссия Ганиевге мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин бузганы үчүн үч айлык сыноо мөөнөтүн белгилеп, катуу сөгүш жарыялаган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Ганиевдин сөздөрү адамдын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирбейт деп таап, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Фергананын көп жылдан берки жетекчиси өзүнөн жогорку бийликтен тил уккан сайын кечирим сурап кутулат. Бирок дагы эле кызматында отурат.

Мындай көрүнүш президент Мирзиёевдин «карапайым элдин укугун коргойм, чоңсунган орой аткаминерлер жазаланат» дегени чын ниетпи же кожо көрсүн аракетиби деген күмөн ойлорду күчөтүп келет.

XS
SM
MD
LG