Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Өзбекстандагы жумушчулардын козголоңу


«Enter Engineering» компаниясындагы башаламандык. 21-октябрь, 2020-жыл.
«Enter Engineering» компаниясындагы башаламандык. 21-октябрь, 2020-жыл.

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы «Uzbekistan GTL» заводун куруп жаткан «Enter Engineering» компаниясынын миңдеген жумушчулары башаламан нааразылык акциясын өткөрүштү. Анда 5000дей киши заводдун имаратына күч менен кирип, компьютерлерди, эмеректер менен буюмдарды талкалап кеткен.

21-октябрда эртең менен «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына келген тасмаларда Кашкадарыя облусунун Гузар районундагы «Uzbekistan GTL» заводунун жумушчулары чогулуп, эмеректерди, жабдууларды жана компаниянын кеңсесин талкалап жатканы көрсөтүлгөн.

Ал эми ошол эле күнү түштөн кийин заводдогу кырдаал көзөмөлгө алынган. «Азаттыкка» келген тасмалардын биринде жумушчулардын массалык нааразылыктан кийин кеңсенин имараты тазаланып жатканын көрсө болот. Тазалоо иштери жүрүп жатканда жумушчулардын каскалары, бут кийимдери жана башаламандык болгон учурда сынган бардык буюм-тайымдар кошо өрттөлгөн.

Нааразылык акциясынан кийин талкаланган буюмдар өрттөлгөн. 21-октябрь, 2020-жыл.
Нааразылык акциясынан кийин талкаланган буюмдар өрттөлгөн. 21-октябрь, 2020-жыл.

Түштөн кийин окуя болгон жерге Улуттук гвардиянын, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери келип, ызы-чуу салган жумушчулардын колун кайрып жатаканаларга камап салышкан.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматына байланышка чыккан жумушчулардын бири чырдын чоо-жайын айтып берүүгө аракет кылган.

«ОМОНдун кызматкерлери жумушчуларды автобустар менен алып баратканда алар айнектерди талкалап качып кетүүгө үлгүргөн. Кашкадарыя облусунун башчысы Зойир Мирзаев жана башка бир топ адамдар убадаларды бергенден кийин кетип калышты. Анан эл тынчыбай койгондо коопсуздук күчтөрү, аскерлер жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери келишти. Заводдун имараты төрт тарабынан курчоого алынды. Күндүзгү саат үчтөн кийин кырдаал көзөмөлгө алынып, бардык жумушчуларды жатаканага камап салышты», - деди заводдун жумушчуларынын бири.

Окуя болгон жерден келген тасмалардын дагы биринде 5000дей киши заводдун имаратына кирип баратканы көрсөтүлөт. Анда жумушчулар иш берүүчү фирма убагында тамак-аш менен камсыз кылбай жатканы аларды аргасыз ушундай митинг уюштурууга түрткөнүн айтышкан.

«Заводдун бир участогунда эле 12 миң жумушчу иштейт. Участоктон жатаканага чейин аралык төрт чакырымды түзөт. 20-октябрда кечинде аталган участоктун жумушчуларына кечки тамак берилген жок. Эртеси таңында да тамаксыз калышты. Натыйжада ачка калган жумушчулар ашкананы оодарып, компаниянын административдик имаратын тоноп кетишкен», - дейт жумушчу.

Нааразылык акциясына чыккан жумушчулар.
Нааразылык акциясына чыккан жумушчулар.

Мындан тышкары «Enter Engineering» компаниясынын жумушчулары аларга бир нече айдан бери айлык акы убагында төлөнбөгөнү башаламандыктын негизги себеби болгонун айтышкан.

«Биз төрт айдан бери эмгек акы ала элекпиз. 7-октябрда «жумушчуларга айлык которулат» деп убада беришкен. Бирок ушул күнгө чейин биз акча көрө элекпиз», - деди жумушчулардын бири.

Жабыркагандар жөнүндө азырынча так маалымат жок. Бирок заводдун административдик имаратынын ичиндеги эмеректер толугу менен талкаланган.

Ал эми 22-октябрда «Enter Engineering» компаниясынын жумушчуларынын айлык акысы төлөнө баштаганы кабарланды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына нааразылык акциясынын кесепеттерин иликтеген профсоюз кызматкери билдирген. Маалыматта ошондой эле 12 миңден ашык жумушчу үч айдан бери айлык акы албаганын жана айлыкты накталай бериш үчүн заводго эки автоунаа акча келе жатканын билдирген.

Кашкадарыя облусунун башчысы Зойир Мирзаев.
Кашкадарыя облусунун башчысы Зойир Мирзаев.

Ал арада Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов жергиликтүү басылмаларга учурда башкы көзөмөл органы Кашкадарыя облусундагы заводдогу башаламандыктын себептерин изилдеп жатканын билдирди.

Ал эми «Enter Engineering» компаниясынын басма сөз кызматы болсо нааразылык акциясы чыккан жерде абал турукташканын жана массалык иш таштоо токтогонун кабарлаган. Ошондой эле «Uzbekistan GTL» компаниясынын адистери курулуш жүрүп жаткан жердин бузулган жана зыянга учураган жерлерин текшерип, заводдун толук системасын жөнгө салып жатканы айтылган.

Массалык нааразылык акциясы чыккан «Uzbekistan GTL» заводунун курулушунда быйыл июль айында жумушчулардын 127синен коронавирус табылган. Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда бул заводдун курулушу бүтсө синтетикалык күйүүчү май өндүрүлө баштайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG