Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Өзбек президентинин ырайымы


Эркиндикке чыккандар.

Өзбекстанда президенттин ырайымы менен саясий жана диний ишмердиги үчүн соттолгон төрт адам бошотулду. 

Президент Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата камактагы 113 адамга мунапыс берди.

27-августта кол коюлган жарлыкка ылайык, мунапыска илинген беш киши негизги жазасынан толугу менен бошотулса, 53 адам жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган. Мындан тышкары 15 кишинин жазасы жеңилдетилип, 40 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган.

Боштондуккка чыккандар арасында диний жана саясий негиздер менен түрмөгө кесилген Ташкенттеги «Кожо Нуриддин» мечитинин мурдагы имамы Рухиддин Фахриддинов, «салафизмдин» жактоочусу деп камалган Искандар Худойберганов, Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирди деп айыпталган жаш окумуштуу-изилдөөчү Акром Маликов жана Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун мурдагы кызматкери Рустам Абдуманнопов бар.

Алардын туугандары менен адвокаттары «президенттик ырайым» тууралуу шаршембиде гана Өзбекстандын Жаза аткаруу башкармалыгынын өкүлдөрүнөн билишкен.

«Эзгулик» укук коргоо уюмунун башчысы Абдурахман Ташанов саясий ишмердиги үчүн тогуз жылга абакка кесилген Рустам Абдуманноповго мунапыс жарыяланганын 26-августта кеч укканын, ал эми эртеси Ташкент облусундагы № 64/50 абакка барганында ал жакта өкмөттүк телеканалдардын журналисттери атайын телеберүү даярдап жүргөнүн айтты:

«Ал жакта «Өзбекстан 24» телеканалынын кабарчылары жүрүшкөн экен. Алар бул төрт кишини, алардын туугандарын видеого тартып, маектешип, атайын берүү тартып жүрүшүптүр. Абак башчысы бул адамдар президенттик ырайым менен бошотулуп жатканын улам айтып жатты».

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун мурдагы кызматкери Рустам Абдуманнопов «Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирди», «коомчулукка коркунуч жараткан материалдарды таркаткан» деп айыпталып, 2017-жылы Ташкент шаардык соту аны абакка тогуз жылга кескен.

Кылмыш ишинде Абдуманнопов Өзбекстандын оппозициялык кыймылынын сайтына макалаларды жазып, 2016-жылы августта Стамбулда «Эрк» партиясынын башчысы Мухаммад Салих менен жолугуп, андан 150 доллар автордук гонорар алганы айтылган.

Ал эми Ташкенттеги «Кожо Нуриддин» мечитинин мурдагы имамы Рухиддин Фахриддинов 2006-жылы «Өзбекстандын президентине шек келтирүү», «Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү»,«Кылмыштуу топ түзүү», «Массалык башаламандык» беренелери менен 17 жылга соттолгон.

Жакындары Фахриддинов дээрлик 15 жылдан кийин түрмөдөн эки жыл, үч айга эрте бошотулганын, андан «президенттен ырайым сураган кат жаздыртып алышканын» билдиришти.

Анын эркиндикке чыкканын эл аралык укук коргоочулар кубатташты. Алардын бири, «Human Rights Watch» уюмунун мурдагы кызматкери Стив Свердлоу Фахриддиновдун бошотулганы маанилүү экенин белгилеп, имам абакта кыйноого кабылганын «Твиттерге» жазды.

Өзбекстанды маркум Ислам Каримов башкарып турган кезде өткөн соттук териштирүүдө милиция Фахриддиновду «вахабиттердин руханий лидери» катары мүнөздөгөн. Ошондой эле «Өзбекстанда ислам мамлекетин түптөөнү көздөйт» деп айыптаган. Бирок Фахриддинов эч кандай экстремисттик кыймылдарга аралашпаганын айтып келет.

Өзбекстанда 27-августта «салафизмдин» жактоочусу деп камалган Искандар Худойберганов менен жаш окумуштуу-изилдөөчү Акром Маликов да эркиндикке чыкты.

Худойбергенов 2002-жылы «Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү», «Кылмыштуу топ түзүү», «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айыпталып, сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. 2007-жылы Өзбекстанда мындай жаза жоюлуп, өмүрү өткүчө түрмөгө кесүү өкүмүнө алмаштырылганда, аны 23 жылга темир тор артында калтырышкан.

Ал эми Интернетке «Абдуллох Нусрат» деген ат менен бийликти сындаган макалаларды жарыялап келген окумуштуу-изилдөөчү Акром Маликов 2016-жылы июлда кармалып, бир жылдан кийин «Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү», «Коомдук коопсуздукка коркунучтуу материалдарды таркатуу» беренелерине ылайык айыптуу деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш ишинде анын чөнтөгүндөгү флешкартада «Ислам мамлекети» террордук тобунун желегинин сүрөтү сакталганы белгиленген. Ошондой эле ал «Эрк» партиясынын башчысы Мухаммад Салих менен кат жазып, байланышта болгону айтылган.

Маликов - 2007-2012-жылдары ырлар жыйнагын басып чыгарып, өзбек адабиятын, анын ичинде акын Алишер Навоинин чыгармачылыгын изилдеген окумуштуу. Ал «Алишер Навоинин энциклопедиясы» жыйнагынын авторлорунун бири.

«Эрк» демократиялык партиясынын башчысы Мухаммад Салих Өзбекстанда саясий жана диний негизде соттолгон төрт адамдын бошотулушун кубаттап, расмий Ташкентти башка саясий туткундарды да бошотууга чакырды.

Мухаммад Салих.
Мухаммад Салих.

«Мындай аракеттер туруктуу көрүнүшкө айланганда, биз жылдап күткөн саясий реформалардын күбөсү болобуз. Бул жагымдуу көрүнүш жакында эле Казакстанда кармалып, Ташкентте жалган айып менен камакка алынган мугалим Хуррам Бердиев, эркин ой жүгүртүүсү үчүн төрт жылдан бери түрмөдө отурган Рустам Абдумавлонов, «токулган кылмыш иштери» менен камакта отурган башкалар да бошотуларына үмүт жаратат», - деп жазды Салих «Фейсбуктагы» баракчасына.

2016-жылы сентябрда 30 жыл Өзбекстанды башкарып турган Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин маалында саясий жана диний айыптар менен соттолгон 50дөй адам бошотулган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар өзбек түрмөлөрүндө саясий жана диний ишмердиги үчүн айыпталган, жалган жалаага кабылган миңдеген адамдар отурганын айыптап келишет. Мисалы, «Human Rights Watch» уюмунун былтыркы баяндамасында кинорежиссёр Мирсобир Хамидкариев, журналист Владимир Калошин, мурунку аскер кызматкерлери Равшан Касымов, Виктор Шин менен Алишер Очилдиев дагы эле түрмөдө отурганы белгиленген.

Өзбекстан Эгемендик күнүн 1-сентябрда белгилейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG