Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Казакстан өзбекстандык оппозиционер Хуррам Бердиевди Ташкентке өткөрүп берди


Хуррам Бердиев уулу менен. Январь, 2020-жыл.

Казакстан өзбекстандык оппозиционер, «Эрк» партиясынын мүчөсү Хуррам Бердиевди Ташкентке өткөрүп берди. Бул тууралуу Ташкенттин ички иштер башкармалыгы маалымдап, Бердиев оппозициялык көз карашы үчүн кармалбаганын билдирди.

«Хуррам Бердиевге «Киши сатуу» беренеси боюнча айып тагылган. Башка эч кандай айып жок», деп жазылган билдирүүдө.

Казакстандын Чымкент облустук соту Бердиев февралда эл аралык издөөгө алынганын, көп өтпөй Казакстанда кармалып, тергөө абагына жиберилгенин маалымдаган.

Өзбек бийлиги Бердиев 2014-жылы эле «Киши сатуу» беренеси боюнча дагы эки адам менен кошо шек саналып, издөө жарыяланганын билдирүүдө. Милициянын маалыматы боюнча ал адамдарды Чымкентке алдап алып барып, кулчулукка сатып жиберген. Бирок «Эрк» партиясынын мүчөсү, активист Дилором Исокова «кулчулукка сатылганы» айтылган адамдар Казакстандан Өзбекстандагы үйүнө акча жиберишкенин, жакындары менен телефон аркылуу сүйлөшүп турушканын айтып, буга тиешелүү документтер да бар экенин сотто айтты.

58 жаштагы Хуррам Бердиев - «Мазлум» укук коргоо борборун негиздөөчүлөрдүн бири. Ал уюмдун Сурхандарыя облусундагы бөлүмүн жетектеген. Акыркы бир нече жыл мурун мекенинен чыгып кетип, Казакстанда жашап жаткан. Соттун чечиминде ал Казакстандан баш калка же качкын макамын сурап кайрылбаганы тууралуу жазылган.

«Эрк» партиясы Өзбекстанда 1980-жылдардын аягында түзүлгөн. Анын башында акын, мурдагы президент Ислам Каримовдун 1991-жылкы шайлоодогу башкы атаандашы - Мухаммад Салих турган. Кийинчерээк Салих өлкөдөн чыгып кеткен.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG