Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары УКМКга каршы Башкы прокуратурага арызданышат


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) каршы Башкы прокуратурага арыз беришет. Бул тууралуу анын Кыргызстандагы жактоочуларынын бири Тимур Карабаев «Азаттыкка» билдирди.

Жактоочулар Бобомурод Абдуллаев качкын макамын суранып арыз бергенине карабай, атайын кызмат журналистти Өзбекстанга өткөрүп бергенин туура эмес деп эсептешет. Ошондой эле жактоочулар өз арызында УКМКнын журналистти кармаганы мыйзамсыз болгонун жазышкан.

УКМК өзбек бийлигинин суроо-талабы менен Бишкекте кармалып, убактылуу кармоо жайында отурган журналист Бобомурод Абдуллаевди 22-август күнү Ташкентке өткөрүп берген.

Атайын кызмат өзбек журналистинин кармалып, сот чечими менен бөгөт чарасы катары 30 күнгө чейин камакта кармоо тандалышын өз ара укуктук жардам көрсөтүү боюнча Минск конвенциясынын талаптары менен байланыштырган. Абдуллаев 9-августта Бишкекте кармалган. Биринчи май райондук соту 10-августта аны бир айга УКМКнын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

23-августта журналист Бобомурод Абдуллаев Ташкентте жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулганын анын Өзбекстандагы адвокаты Сергей Майоров «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирген. Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG