Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:53

Ислам Каримовдун уулу “Өзбекстан аба жолдорун” сотко берди


Петр Каримов (оңдо) 1969-жылы туулган.
Петр Каримов (оңдо) 1969-жылы туулган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун биринчи никесинен туулган уулу Петр Каримов “Өзбекстан аба жолдору” компаниясына каршы доо арыз менен Москванын Тверь райондук сотуна кайрылган.

Бул райондук соттун өкүлдөрү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына Каримов аттуу жарандан чын эле доо арыз түшкөнүн, соттук отурум 24-октябрга белгиленгенин ырасташты.

Айрым массалык маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, Петр Каримов Өзбекстандын улуттук “Өзбекстан аба жолдору" компаниясында бир нече жыл жетекчи кызматтарда иштеген, бирок 2016-жылдын күзүндө атасы дүйнөдөн кайткан соң иштен бошотулган.

Эми болсо орусиялык сотко жазган доо арызында иш берүүчүдөн айлык акы боюнча карыздарын өндүрүп алууну көздөп жатат.

Президент Ислам Каримов тирүү кезинде расмий булактарда анын уулу тууралуу эч нерсе айтылчу эмес. Өзбекстандын мурдагы президенти 60-жылдары үйлөнгөн биринчи жубайы Наталья Кучми 2008-жылы Ташкентте каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG