Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Бийликке талап койгон блогер камалды


Видеоблогер Дадахон Хайдаров.
Видеоблогер Дадахон Хайдаров.

Кыргыз-өзбек чек арасында 31-майда болгон чатакты чагылдырган, Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунан чыккан видеоблогер Дадахон Хайдаров 10 суткага камалды.

Bидеоблогер Дадахон Хайдаровдун атасы Шерали Хайдаров уулу 25-августта кармалгандан кийин аны бир да жолу көрбөгөнүн, саламаттыгына тынчсызданып жатканын «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына кат түрүндө билдирди.

«Биз дале болсо уулума каршы кылмыш иши козголгон-козголбогонун билбейбиз. Мамлекет берген адвокатка бир нече жолу кайрылдым. Ал уулумду эч ким урбаганын, бирок ал ыйлап жатканын айтты. Азыр он суткага камалганын эле билебиз, башка эч кандай маалымат жок».

Блогердин атасынын айтымында, уулун кармаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандык кийимчен келишкен. Ошондой эле Хайдаровду камакка алып жатканда кызматкерлер эч кандай документ көрсөтүшкөн эмес.

«Биздин үйгө аймактын төрагасынын орун басары келди. Мен көчөгө чыксам анын жанында участкалык инспектор жана жарандык кийимчен бир нече адам турган экен. Алар Фергана облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери болуп чыкты. Уулумду райондук ички иштер бөлүмүнө алып барардан мурун алар мага «Сенин уулуң блогер. Биз ага эмнени туура, эмнени туура эмес кылганын түшүндүрүп, ошондон кийин коё беребиз» дешкен. Ошондон бери уулумду көрө элекмин. Адвокат бизге 25-августта уулум он күнгө камакка алынганын айтты. Бирок толук маалымат ала элекпиз»,- деди блогердин атасы Шерали Хайдаров.

25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сох районунун алты тургуну кармалып, аларга «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып тагылганын билдирген. Кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алар камакка алынган.

Жергиликтүү тургундар үч күндүн ичинде райондогу бир нече айылдан жалпысынан 12 кишини кармап кетишкенин айтышкан. 26-августта кармалгандардын саны 41ге жеткени кабарланган. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө ырастала элек.

Жаңжалдан кийин Сох районуна барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев анклав тургундарын колдобой, тескерисинче, Өзбекстанга бара турган жолду жаап салабыз деп коркуткан. Буга нааразы болгон сохтуктар Ганиевге кыйкырып, ага таш ыртышкан.

1-июнда районго Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барган. Анын алдында сүйлөгөн блогер Дадахон Хайдаров аймакта чечилбей келген бир катар көйгөйлөрдү айтып, Фергана облусунун башчысын алмаштырууну өтүнгөн.

«Мен Сох районундагы жалгыз блогермин. «Ютубда» өзүмдүн аудиториям бар. Каналымда Сох элинин көйгөйлөрүн чагылдыра баштаганда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү мага келип, «Муну кылба, сен өзүңө маселе жаратасың!» деп эскертишкен. Менин өтүнүчүм бар: Ташкентке Сохтун көйгөйлөрүн түздөн-түз жеткирген бир мекеме түзүңүз. Бизге Фергана облусунун администрациясынын кереги жок. Сох райондук администрациясына жаңы кызматкерлерди дайындалышын өтүнөбүз! Керек болсо, Фергана облусунун акимин да алмаштырыңыз!».

Жыйынга келген жергиликтүү тургундар блогердин бул сунушун кол чаап кубатташкан. Премьер-министр Абдулла Арипов блогер айткан көйгөйлөрдү жакын арада чечүүгө убада берген.

Азырынча Фергана облусунун укук коргоо органдары жана Дадахон Хайдаровдун адвокаты менен байланышуу мүмкүн боло элек. Ал эми Фергана облустук администрациясынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Абидов «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына берген маалыматы боюнча «Сохтогу башаламандыктар кылдат уюштурулуп, даярдалган» деп билдирген.

25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында болгон жаңжал боюнча кылмыш иштери 1-июнда козголгонун, анын алкагында августта бир нече тургун кармалганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG