Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Мирзиёев газдын экспортун азайтмак болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаратылыш газын экспорттоону азайтып, алгач калктын муктаждыгын канааттандырууну тапшырды. Ушундан улам күнүнө аймактарга кошумча 7-8 миллион кубометр көгүлтүр от жөнөтүлүп турары айтылды.

Өзбекстан быйыл ноябрда газдын жана электрдин кескин тартыштыгына туш болгондон бери президент Шавкат Мирзиёев бул маселеге эми гана көңүл бурду. Ал 2016-жылы президенттикке шайланарда калкка газ жана электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелерин чечүүгө убада берген жайы бар. Бирок андан бери өлкөдө кырдаал жакшы жагына өзгөргөн жок, тескерисинче быйыл суук эрте түшүп, энергетика тармагы олуттуу кризиске кабылды.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

16-декабрдагы өкмөттүн жыйынында Мирзиеёв өкмөттүн кышка даярдануудагы кемчиликтерин акыркы 30 жылда топтолгон кыйынчылыктар менен түшүндүрүүгө аракет кылды.

«Баарыбыз билебиз, газ системасына байланыштуу түйшүктөр бүгүн пайда болгон жок. Бизди 30 жылдан бери кыйнап келет. Буга эч кимдин актанууга акысы жок. Биздин эл газга муктаж. Көпчүлүгү акысын өз убагында жана туура төлөп жатат», - деди Шавкат Мирзиёев.

Ал ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагынын жыйынга келген жетекчилерине жоопкерчилик жөнүндө эскертти.

«Мен газдын экспортун азайтуу боюнча көрсөтмө бердим. Буга байланыштуу күнүнө 7-8 миллион кубометр газ калктын муктаждыгына жумшалат. Мындан кийин «газ жетишпей жатат» деген сөз болсо таарынбаңыздар. Баарыңар мыйзам алдында жооп берип каласыңар», - деди Мирзиеёв өзбек аткаминерлерге.

Жыйын учурунда өндүрүш объектилерин отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылыш үчүн кыш маалында саатына кошумча 10-12 миллион киловатт-саат электр кубатын өндүрүү зарыл экени да айтылды. Ошондой эле быйыл Өзбекстанда күздөн бери 106 адам көмүр кычкыл газына ууланып каза болгону, 190 адам өрттөн жабыркаганы да талкууланды.

Өзбек аткаминерлери маселени талкуулаганы менен аймактагы карапайым эл кышкы суук менен алышууда. Хорезмдик Розмат Ёлдашев сегиз жылдан бери өзү турган айылга газ келбей калганын айтып, быйыл электр энергиясы да өчүп жатканына кейиди:

«Газ маселеси кыйын болуп турат. Жогорудагылар «макул» эле дешет, бирок жыйынтык жок. Сегиз жылдан бери айылга газ келбейт. Эл кыйналып турат. Газ жок болгону аз келгенсип эми электр жарыгын да кесип салышты. Эми эмне кыларыбызды билбейбиз».

Розмат Ёлдашев.
Розмат Ёлдашев.

Өзбекстанда буга чейинки жылдардагыдай эле быйыл да көгүлтүр от менен электр энергиясы күн сайын өчүрүлүүдө. Буга байланыштуу өткөн аптада жылуулуксуз жана жарыксыз калган Анжиян жана Бухара шаарларынын тургундары нааразылык акцияларына чыгышкан. Алар ондогон турак үйдө жүздөгөн киши жарыксыз, суук тамда аргасыз жашоого мажбур болгонун айтышкан. Ал эми өзбек аткаминерлери энергетикалык кризисти аба ырайынын муздашына жана электр энергиясын керектөөнүн кескин күч алышына байланыштырышат. Бирок эл арасында бир нече жылдан бери ушул эле көйгөй кайталанып келатканы айтылат.

Коңшу Өзбекстанда 18-ноябрдан бери суук түшүп, кар жаап, өлкө боюнча энергетикалык каатчылык пайда болгон. Борбор шаар Ташкенттин бир катар райондорунда буу казандары жана түтүктөр иштен чыгып, көпчүлүк аймактарда электр жарыгы өчүп, газ үчүн узун кезектер пайда болгону айтылат.

Ал арада өзбек бийлиги газ экспортун былтыр үч эсе азайткан. Быйыл июль айында президент Шавкат Мирзиёев коронавирус пандемиясынан улам Өзбекстандан Кытайга кеткен газ экспорту үч эсе азайып, Орусияга жиберилген экспорт толугу менен токтотулганын билдирген. Ошондой эле өлкөдө быйыл кыш катаал болорун эскерткен.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG