Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Орусия өзбекстандыктарды киргизген жок


Шереметьево аэропортунан көтөрүлүп бараткан учактардын бири.
Шереметьево аэропортунан көтөрүлүп бараткан учактардын бири.

Ондогон өзбекстандык жаран Орусияга киргизилбей, аэропорттон кайра мекенине жөнөтүлдү. Аэропорттун жетекчилиги өзбекстандыктарга алар кайсы мыйзамды бузганын түшүндүргөн эмес.

Өзбекстандык Айбек Махкамовдун эжеси Москванын Шереметьевр аэропортунун транзиттик зонасынан шаарга кире албай калган.

Ал оорукананын башкы дарыгеринин чакыруусу менен Орусияга операцияга келе жаткан. Бирок ондогон башка өзбекстандыктар менен Москвада аэропортто калган.

Айбек Махкамов эжесинин операциясына алдын ала акчасы төлөнгөнүн, керектүү бардык документтер болгонун айтып жатат.

«Эжем дарыланыш үчүн учуп келген, анан Москвадан Екатеринбургга барып трансплантация болмок. Операциянын акысы төлөнгөн, Екатеринбургдагы дарыгер бардыгын тастыктаган, бирок ушундай тоскоолдукка учурадык», - дейт эжесин күткөн Айбек Махкамов.

Ал эми адвокат Чары Кулиев бул өзбекстандыктар Орусияга кандай негизде киргизилбегенин аныктаганга аракет кылган, бирок Шереметьево аэропортунун жетекчилигинен түшүнүктүү жооп алган эмес. Адвокаттын айтымында, жүргүнчүлөргө эч ким жеткиликтүү көңүл бурбай жатат.

Чары Кулиев жана Айбек Махкамов.
Чары Кулиев жана Айбек Махкамов.

«Мен дагы эле транзиттик зонага өтө албай жатам. Алардын абалы кандай экенин да билбейбиз. Негизи башка мамлекеттин жарандары дарыланууга же жакын туугандарын көрүүгө келүүгө укуктуу деген өкмөттүн токтому бар», - дейт адвокат Чары Кулиев.

Транзиттик зонада кармалып калган өзбекстандыктардын дээрлик көпчүлүгү аялдар жана кичинекей балдар болгон. Алар соцтармактарга видео тартып, аэропорттун ичиндеги дүкөндөн азык-түлүктү кымбат баада сатып алууга мажбур болушканын жана балдар кыйналып кеткенин билдирип чыгышкан:

«Үч-төрт күндөн бери ушул жерде жатабыз. Бизге эч нерсе болбойт, бирок бул жерде балалуу аялдар да бар!»

«Биз бул жерде эки жарым, үч күндөн бери жүрөбүз, кыйналдык. Паспортторубузду берип, бизди чыгарышсын. Бизге балдар менен бул жерде кыйын экен».

«Баары отурушат. Эки күндөн бери эч ким бизге эч нерсе деп айткан жок. Эч ким келген жок. Паспорттор берилбей жатат. Ошондой эле бизге кайда барыш керек экенин да айтышпайт. Балдары барлар кыйналып кетишти».

Ал эми бул жагдай боюнча журналисттер Шереметьев аэропортунун басма сөз кызматына кайрылганда, алар Өзбекстандын жарандарына байланыштуу кырдаал же аларга кандайдыр бир колдоо көрсөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат берилбей тургандыгын билдиришкен.

Шереметьев аэропортунда калган өзбекстандыктар.
Шереметьев аэропортунда калган өзбекстандыктар.

Укук коргоочу Бахром Хамроев Өзбекстандын жарандарынын Москвага киргизилбеши саясатка байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал жарандардын себепсиз аэропортто кармалышы Кремлдин расмий Ташкентке берген белгиси экенин баса белгилеп жатат.

«Бул кандайдыр бир жол менен Өзбекстанга каршы киргизилген санкцияларга байланыштуу болушу мүмкүн, бирок алар албетте, ачык айтылбайт. Жарандар Жаңы жылга карата келип, жолго көп акча коротконун баарыбыз билип турабыз», - дейт Хамроев.

Ошентип 25-декабрда Ташкенттен Москвага учуп келген өзбек жарандар төрт күн аэропортто кармалгандан кийин кайра өлкөлөрүнө жөнөтүлгөнү кабарланды. Ал эми укук коргоочулардын айтымында, жарандар орус бийлигин сотко берип, билеттин чыгымдары үчүн кенемте талап кылууга ниеттенүүдө.

Ал арада 30-декабрда да Өзбекстандан Орусияга учуп келип, кармалып турган дагы 500дөй өзбекстандык турганы маалым болду. Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция агенттигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Саидномон Мансуров кырдаал көзөмөлдө экендигин «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирген. Ошондой эле ал чек арадан өтпөй турган өзбек мигранттар Орусиянын аймагына жасалма документтер менен өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн күнөөлүү экендигин эскертти:

«Жүргүнчүлөрдү алып келген «Nordwind» авиакомпаниясы менен сүйлөштүк. «Биз аларга жооптуу эмеспиз, кирүү жана чыгуу эрежелери алдын-ала жарыяланган» дешти. Азыр кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун издеп жатабыз. Расмий тарап кармалып турган өзбек мигранттар жасалма медициналык тастыктама менен кирүүгө аракет кылган деп билдирди. Бул албетте, кылмыш! Алар ушул нерселерди түшүнбөй жатышат. Биз Шереметьево аэропортундагы чек ара кызматынан аларды жоопко тартпоону өтүнүп, кырдаалды түшүндүрдүк. Учурда авиакомпаниялар менен бул жарандарды Өзбекстанга жеңилдетилген баада кайтарып берүү маселесин талкуулап жатабыз. Азырынча эки каттам токтотулуп, дагы бир нече жүздөгөн жүргүнчүлөр токтоп калышты».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиянын чек аралары марттан бери жабык. Бул чектөөлөр 2021-жылдын 15-январына чейин узартылганы кабарланган.

Аба каттамдарына да чектөө киргизилип, 1-сентябрдан баштап орус жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туруктуу жашоого уруксаты барларга, орус ооруканаларында дарыланууга муктаж чет өлкөлүктөргө гана Орусияга кирүүгө уруксат берилген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG